Истории. Аналитика.

Успешные кейсы. Бизнес темы.

Миграциядан ишкердикке! Алишер Кадыркулов, ишкер: "Кыргызстанда кулпунай өстүрүүнүн жаңы маданиятын таратуудабыз"
15 апрель, 2024 г.
Алишер Кадыркулов 6 жылдан бери Кыргызстанда кулпунай бизнесин жайылтып келет. Ал багытта өлкөнүн бардык аймактарында семинар, тренингтерди уюштуруп аймактык дыйкандарды кулпунай өстүрүүнүн жолдорун үйрөтүүдө. 10 жыл миграцияда эмгектенген ишкер, топтогон каражатын Кыргызстанда ишкерликке багыттаган.
Элиза Аттокурова, «Илимтай» балдар бакчасынын жетекчиси: «Ишкердикте коркпой баштоо жана консультация аркылуу ийгиликке жетсе болот»
15 апрель, 2024 г.
Элиза Аттокурова кесиби боюнча психолог. Ал 10 жыл педагогика багытында алектенген. Анын бала бакча ачуу кыялы балдарга болгон сүйүүсү, бала тарбиялоо, алтын муунду жетиштирүү мүдөөсүнөн улам келип чыккан. Жыйынтыгында 10 жылдык тажрыйбанын негизинде «Илимтай» бала бакчасын негиздеген.
Адылбек Умаров, “АвтоЯ” унаа борборунун коммерциялык директору: “Биз Ош шаарына бизнестин жаңы маданиятын алып келгенди максат кылабыз”
15 апрель, 2024 г.
Адылбек Умаров “Ак Кеме” курулуш компаниясында көп жылдан бери эмгектенип келет. Буга чейин компания көп кабаттуу үйлөрдү куруу, сатуу менен алектенсе акыркы жылдары коммерциялык имараттарды куруу жана ижарага берүүгө басым жасоодо. Компаниянын бул багытка келүүсүнө Ош шаарында соода кылуунун жаңы маданиятын калыптандыруу максаты турат.
Таңсулуу Арстанбекова 23 жашта, 2 баланын энеси. “Данек Мир” кургатылган жемиштердин негиздөөчүсү: “Ишкердикте туура ниет коюу маанилүү экендигине ынандым”
12 апрель, 2024 г.
Биз региондогу ишкердик тууралуу сөз кылганда өзгөчө айым ишкерлердин талыкпас мээнетине таң калып келебиз. Учурда сөз кылчу каарманыбыз өзү 23 жашта эки баланын энеси болушуна карабай 4 жумуш орун түзүп эмгектенип келет. Таңсулуу Арстанбекова алгачкы жолу борборубузга кайрылганда бир колуна баласын, бир колуна себетин көтөрүп, окууларга катышып өзүн бул багытта жетиштирди. ИКБ кардарлары менен сыймыктанат.
Кишимжан Кубатбек кызы, айым ишкер: "Ишкердикти 1 000 сом менен баштагам"
08 апрель, 2024 г.
Кишимжан Кубатбек кызы, Ош облусунун Алай районунда төрөлгөн. Айым ишкер кичинекейинде сот тармагында иштөөнү кыялданган. Кесиби боюнча англис-испан тилдери боюнча котормочу. Учурда бул багытта магистратурасын окуп жатат. Жаш кезинен үй-бүлөсүнө жардам берүү максатында базарда сатуучулук менен алектенген. Каарманыбыз 22 жашында Kiki клининг компанияны негиздеген. Учурда ондогон кыз-келиндер менен чогуу ай сайын 100дөн ашуун кардарларын тейлөөдө.
Атаандаш болгон жерде акча бар!
03 апрель, 2024 г.
Ысык-Көл облусундагы "Керек Эмерек" ишканасынын негиздөөчүсү Кеңеш Самыкбаев кыска мөөнөттө ИКБ Ысык-Көлдүн жардамы менен жеткен ийгиликтери менен бөлүшөт.
“Сен жегин өз жериңде өскөн жер эненин жемиштерин!” «Ак-Суу Органик» - Ысык-Көлдүн алгачкы органикалык аймагы!
15 март, 2024 г.
Айнагуль Рысмендеева – Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районундагы Теплоключенка айыл аймагынын мобилизатору жана “Ак-Суу Органик” кооперативинин төрагасы. Бул Кыргызстандагы көп тармактуу жалгыз кооператив. Айнагуль эженин негизги максаты - аймактын жашоочуларына органикалык айыл-чарбачылыкты жайылтуу.
Эки кесипти бирдей алып кетсе болот!
05 март, 2024 г.
Зарема Урдолотова Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районун Кызыл-Суу айылында турат. ИКБнын "Ысык-Көл облусунун айымдарынын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” гранттык программасына катышып, плоттер шайманын алган.
Путь к успеху тернист: история Айдарбека Шабданова
25 октябрь, 2023 г.
Главный герой данной истории - индивидуальный предприниматель, проживающий в Бакай-Атинском районе Таласской области. Сфера деятельности предпринимателя – сельское хозяйство, в частности выращивает фасоль и имеет яблоневый сад. Айдарбек обратился в Центр Поддержки Предпринимательства (ЦПП) Талас для получения юридической консультации по разрешению споров по договорному отношению.
Талантбек Бадышов, ишкер: “IT KG” окуу борбору жергиликтүү IT тармагына кызыккан жаштар үчүн дүйнөгө ачылган каалга болсо деймин”
20 сентябрь, 2023 г.
Ар бир бизнестин артында түгөнбөгөн түйшүк, аракет, эмгек жана жетишкендик жатат. Ар бир ишкер өзүнүн эмгек жолуна кайрылып караганда кызыктуу да, маңыздуу да, оор да күндөрдү эстейт. Анткени ишкер изденген, аракеттенген, жаратман инсан. Биз Ишкердикти колдоо борборунун (ИКБ) Жалал-Абад облусундагы каарманы тууралуу сөз кылабыз. Ошондой эле, өлкөбүз үчүн эң маанилүү болгон инсандарга кызмат көрсөтүп жатканыбызга сыймыктанабыз.
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы “Биринчи мугалим” башталгыч мектеби ишмердүүлугүн 2003-жылдан бери жүргүзүп келет.
30 май, 2023 г.
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы “Биринчи мугалим” башталгыч мектеби ишмердүүлугүн 2003-жылдан бери жүргүзүп келет. 1-5 класстардын окуучуларына кызмат көрсөткөн окуу жай логопеддик курстарды да уюштурат.
Ишкердүүлүктө жардам табуу эмес, жардамды туура пайдалануу маанилүү
22 февраль, 2023 г.
Жаркынай Ганыева 2009-жылдан бери Лейлек районунун Раззаков шаарында «Диагностик» жеке менчик клиникасын иштетип келет. Ижарага алынган эки кабинет менен башталган иш азыркы учурда жеке менчик эки чоң имаратта жүрүп жатканы – ишкер айымдын өжөрлүгүн тастыктай алат.
Баткендеги «Тонус» медициналык борбору: татаал жол, татыктуу жыйынтык!
22 февраль, 2023 г.
Айзада Халилованын 17 жылдык ишкердүүлүгүнүн ары түйшүктүү, ары кызыктуу таржымалы менен бөлүшөбүз. Айзада айым медициналык борборду биртоп жыл катар ижарага алынган жерде иштеткен соң, 2016-жылы жеке имаратын куруп баштаган. Үч жылга созулган курулуш процесси каражаттын жоктугу менен токтотулган эле.
Баткен шаарында алдыңкы мектеп ачкан алдыңкы жаш ишкер
22 февраль, 2023 г.
Нишанов Элчибек Бактыбекович жаш экендигине карабай билим берүү тармагында жеке курстардан баштап жеке менчик мектепке чейин бир нече ийгиликтүү бизнестерди баштап, өнөктөштөрү менен чогуу өсүп, жаштардын билимине өтө чоң салым кошуп келишүүдө. Айрыкча азыркы учурда өзу түптөгөн «ТЭНСАЙ» жогорку класстар үчүн мектебин мындан 3 жыл мурун ЖРТ, англис тили, орус тили, ж.б. предметтер боюнча мектеп окуучуларына кызмат көрсөткөн окуу борборун уюштуруу менен баштаган. Баткен шаарындагы бул мектепти ачууга чейин Элчибек окуу борбордун стратегиясын туура пландоо, финансыны жөнгө салуу жана туура башкаруу, окуучулар жана мугалимдер менен туура келишим түзүү сыяктуу маселелерге көп дуушар болгон. Ошол себептен жаш ишкер Баткен ИКБга кайрылууну туура көргөн.
Баткен шаарында уникалдуу медициналык борбор ачкан өзгөчө ишкер айым.
22 февраль, 2023 г.
Гулира Файзуллаева Баткен шаарындагы «Ден соолук» медициналык борборунун жана «Доктор Файзуллаеванын ден соолук формуласы» дарылык дене тарбия (ЛФК) борборунун негиздөөчүсү жана жетекчиси.
Ысык-Көлдөгү алгачкы клининг кызматын негиздеген Айнура Талипованын “жаркыраган” ийгилик жолу.
22 февраль, 2023 г.
“Жаркыра” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору – беш баланын энеси Айнура Талипова. Анын учурда кыйла нукка түшүп калган бизнеси албетте кичинекей кадамдардан башталган. Айнура айым Россия Федерациясында эмгек миграциясында болгон жана Кыргызстанга кайтканда социалдык долбоордун алкагында бизнес жүргүзүү боюнча окуудан өткөн.
Нова: жаңы аймакты багындыруу
22 февраль, 2023 г.
Төрт жыл бою Бишкек шаарында кызмат көрсөткөн Нова билим берүү мекемеси 2021-жылы Ысык-Көл облусунда да филиалын ачуу мезгили келгенде жетекчиси Шатманов Каниет Каракол шаарындагы Ишкердикти Колдоо Борборунун адистери менен байланышууну туура көргөн.
"Смайл" эне-бала өнүгүү борбору
22 февраль, 2023 г.
Ишкер Астра Дуйшеева жана анын "Смайл" психологиялык эне-бала өнүгүү борбору үчүн үч шарт идеалдуу болуп калды: керектүү убакытта туура жерде болуу жана ИКБдан туура консультация алуу. Каракол шаарында психологдун консалтингдик бизнеси кандай өнүгүүдө.
Таласта иш алып барган “Кербен” эмерек борборунун жетекчиси Майрамбек уулу Нурсултан менен тааныштырабыз.
15 январь, 2022 г.
2021-жылы Ишкердикти Колдоо Борборунун консультанттары эмерек борборунун ишин толук диагностикадан өткөрүшкөн: ишкана каттоодон өтүп-өтпөгөнүн, локалдык документтеринин бар-жогун, ошол учурдагы киреше-чыгашаларынын кантип эсепке алынаарын аныкташкан. Ишкер ИКБнын үч айлык абоненттик тейлөө кызматын колдонууну чечкен. Жыйынтыкта системаны оптималдаштыруу максатында 3 соода чекитинин бирөөсүн жабуу чечими кабыл алынды. Экинчиден, кызматкерлер арасында сурамжылоо жүргүзүлүп, штаттык структура такталды. Азыр компаниянын жамаатында ай сайын тимбилдинг программалары уюштурулуп турат. Компания каржы боюнча эсеп жүргүзчү эмес жана салык органдарында каттоодон өтө элек болчу. Консультанттар дароо ыктыярдуу патент алып берип, ар бир кызматкерди социалдык камсыздоо программасында катташты. Андан сырткары, компания киреше-чыгаша эсебин жүргүзө баштады. Бул каржыны туура пайдаланууга шарт түздү. Компаниянын мойнунда 700 миң сом көлөмүндөгү чоң насыялык карызы бар болчу. Качан ишмердүүлүктүн эсеп-кысабы Excel менен так жүргүзүлө баштаганда каражат рационалдуу жөнгө салынып, насыядан туура жана убагында кутулуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.
Караколдогу жаңы форматтагы "Дем" китепканасы менен таанышыңыздар!
22 декабрь, 2021 г.
2020-жылдын ноябрында Ысык-Көлдөгү Каракол шаарында өзгөчө концепттеги китепкана ачылган. 2022-жылдын март айында "Дем" окуу залынын негиздөөчүлөрү ЖИА бизнес ассоциациясы аркылуу Ишкердикти Колдоо Борбору менен таанышышкан. Жаңы ачылган социалдык долбоорго юридикалык жана бизнес кеңештер зарыл болгондуктан, дароо консультанттар менен байланышышкан. Ишкердикти Колдоо Борборунун консультанттары "Дем" долбоорун абоненттик коштоого алышты да, анын алкагында китепкананын ишмердүүлүгүн каттоодон өткөрүп, жалпы салык режимин тандап, китепканадагы кофейняга өзүнчө патент алынды да кофейня менен китепкана ортосунда келишим түзүлдү. Негиздөөчүлөрдүн айтуусунда, юридикалык документтерди мынчалык тез жана оңой бүтүрүү алардын оюна да келген эмес, ал эми кесипкөй консультанттын көмөгү менен иш бат аткарылды.
Баткенде окуу борборун жетектеген Аида Батырова менен таанышыңыздар
02 декабрь, 2021 г.
Ишкердикти Колдоо Борборуна ишкер айым Аида Батырова кайрылып, консультанттардын көмөгү менен ЕККУнун гранттык программага катышкан. Ал "Адис Кен" окуу борборун негиздеп, керектүү жабдыктарды ала алган. Окуу программасына лицензия алуу, каржыны башкаруу, бизнести өнүктүрүү боюнча ИКБ кызматкерлеринен консультация алган Аида айым учурда Баткендин эң мыкты айым ишкерлеринин катарын толуктайт.
Ийгиликтүү кейс: Ош шаарындагы алдыңкы ишканалардын бири болгон "Бал ширин" жана ээси Арстанбек Маматов
02 декабрь, 2021 г.
Ишкердикти Колдоо Борборунун Оштогу консультанттары дагы бир долбоордун ийгиликтүу иш алып барышына себепчи болушту. "Бал ширин" деген таттуу аталышы бар бул ишкананы Арстанбек Маматов жетектейт. Ош облусун жана жакынкы региондорду табигый кыям менен камсыздайт. Ал ИКБ кызматкерлери менен таанышып, бизнести өнүктүрүү, каржы жана юридикалык кеңештерди алып, ишин керектүү нукка салууга жетишти. Консультанттар А.Маматовго ИКБга ишеним көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык айтып, кызматташууну улантууну көздөгөндөрүн билдиришет.
Баткендик ишкер айым Орозгүл Каработоева: "Мен кирешени туура пайдаланууну үйрөнүп, иш жүзүндө колдонуп жатам".
14 сентябрь, 2021 г.
Ишкердикти Колдоо Борборунун кызматтарын натыйжалуу пайдаланып, ийгиликтин кезектеги баскычын багындырып жаткан Орозгүл Каработоева жана анын ишкердүүлүгүнүн ийгилик сыры менен тааныштырабыз.
Сычыса Ибрагим, Каракол: пандемия учурунда жаңы чындыкка ылайыкташуу-19
26 ноябрь, 2019 г.
Каракол шаарындагы ишкердикти колдоо борборунун жардамы менен жергиликтүү бизнес пандемия-19 учурунда жаңы чындыкка кантип ыңгайлашып жатканын караңыз. 2019-жылдан бери Караколдогу ЦПП 300дөн ашуун жеке консультацияларды өткөрдү. Бүгүнкү күндө ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен республика боюнча Ош, Каракол, Жалал-Абад жана Баткен шаарларында ишкердикти колдоо боюнча 4 борбор иштейт.
Бул Караколдогу "Дасторкон" кафеси. ИКБнын ийгилик тарыхы
26 ноябрь, 2019 г.
Каракол шаарындагы ИКБнын жардамы менен жергиликтүү бизнес өз мекемелерине көбүрөөк кардарларды кантип тартат? Бүгүнкү күндө ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен Республика боюнча Ош, Каракол, Жалал-Абад жана Баткен шаарларында ишкердикти колдоо боюнча 4 борбор иштейт.
ЦППНЫН ийгилик тарыхы. Айткулов Максат. Rica travel.
26 ноябрь, 2019 г.
Каракол шаарындагы борбордун жардамы менен жергиликтүү бизнес инвестицияларды тартуу жана каржылоого жетүү үчүн документтерди кантип ийгиликтүү даярдап жатканын караңыздар. Максат Айткулов сынакта 3-орунду ээледи #Accelerate Prosperity