Кудайкулов Арстанбек 42 жашта, жогорку билимдүү.  Кесиби юрист, бирок учурда жеке ишкердик менен алкетенип келет. Жеке ишкердикти 2005 жылы соода тармагынан баштаса, андан бери ишкердиктин ар кандай тармагын өз тажрыйбасынан өткөрүп келет. Акыркы 2 жылдан бери жаңыча идея үстүндө иш баштоо менен убара. Ага ылайыктуу азыр ал жеке менчик билим берүү уюмдары, мектеп бала-бакчалар менен келишим түзүп, аларды комплекстүү тамак аш жана кызматкерлер менен камсыз кылууда. Бул кызмат Ош шаарында жаңыдан ишке киргизилип келе жатат же Арстанбек мырзанын ишканасы алгачкы десек болот.

Арстанбек мырза өз ишмердүүлүгүн жаңыдан баштап жатканга байланыштуу бир топ юридикалык жактан, каржы жактан кеңеш алууга туура келди. Өзгөчө юридикалык документтерин жасоодо ИКБнын консультанттарынын тийгизген таасири чоң. ИКБнын юрист консультанты тарабынан кыска мөөнөттүн ичинде тактап айтканда 2 айдын ичинде эле төмөнкү кызматтарды алууга жетишти.

    Буга чейин ачылган ишкердик патентин жаптыруу, ИП күбөлүгүн алуу менен ага мөөр жасатып берүү, ЕСИ алып берүүгө жана банктардан эсеп ачууга көмөктөшүлдү; Ишмердүүлүктүн алдын ала финансылык эсептерин жүргүзүүгө боюнча көмөк берилди;

Кардарлар менен түзүлө турган кызмат көрсөтүү келишимдери;

Өнөктөштөр  менен биргелешип иш алып баруу үчүн өнөктөштүк келишимдери; Кадрлар менен түзүлө турган эмгек келишимдери; Ар кандай ички документтер (ишеним каттар, өндүрүштүк жана өздүк курам буйруктары, функционалдык милдеттердин нускамалары, ж.б.). 

Ишкердиктин бухгалтериясын жүргүзүү боюнча комплекстүү көмөк көрсөтүлдү;

       Жогоруда аталган кызматтарды алуу менен ишкердин толук кандуу мыйзам чегинде ишкердик кылуусуна жол ачылды. Учурда башка жеке мектептерден да кызматташуу сунуштары келе баштады.

Ишкердик тобокелчиликтерге баруу менен башталса, аны өнүктүрүү жана өстүрүү үчүн сөзсүз ар тараптуу бизнес, юридикалык, каржы жана ПР тармактары боюнча сабаттуу адистин кеңештери керек болот. Мындай консультацияны албетте ишкерлер Ишкердикти колдоо борборлорунан алышса, кичи жана орто бизнестер жакшы ийгиликке жетише алаарына ишенебиз.


_________

Ишкердикти Колдоо Борбору (ИКБ) Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык колдоосу @oscebishkek менен JIA Бизнес-ассоциациясы @jia.kg тарабынан өлкөдө чакан жана орто бизнести өнүктүрүү аркылуу экономикага салым кошуу максатында Баткен, Ош, Талас, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында ишке ашырылууда.


ИКБ – сиздин бизнесиңиздин өнүгүүсү үчүн!