Ответы на часто задаваемые вопросы

Экономиканын приоритеттүү секторлору үчүн алкактык билим берүү программаларын иштеп чыгуу боюнча жолугушуусу

Ош шаарында экономиканын приоритеттүү секторлору үчүн алкактык билим берүү программаларын иштеп чыгуу боюнча жумушчу жолугушуу болуп өттү. 23-июнда ОшМУнун Бизнес-паркынын, «Youth of Osh» коомдук уюмунун, Ишкерликти колдоо борборунун өкүлдөрү, ошондой эле эксперттер жана кызыкдар уюмдардын өкүлдөрү курулуш жана HoReCa секторлору үчүн окутуунун алкактык программаларын талкуулоого катышышты. Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар жумуш берүүчүлөрдүн учурдагы муктаждыктарын, талап кылынган кесиптик жана жумшак көндүмдөрдү, ошондой эле адистерди даярдоого эмгек рыногунун талаптарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл кыска мөөнөттүү кесиптик окутуунун сапатын жогорулатууга жана жаштардын жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жардам бере турган практикага багытталган программаларды түзүүгө бурулду.
Подробнее

5 жылга салык төлөөдөн бошотуу

Кыргызстанда блогерлер жана креативдик класс салык төлөмдөрүнөн бошотулат.
Подробнее

"АЙЫМДАР ЛИДЕРЛИГИ" регионалдык форуму.

14-15-май күндөрү Баткен шаарында Ишкердикти Колдоо Борбору менен кызматташтыкта ЕККУнун Программалык кенсеси тарабынан уюштурулган «Тынчтык жана чек ара аймактарынын туруктуу экономикалык өнүгүүсү үчүн аялдардын лидерлиги» аттуу Регионалдык форум өтөт. Талкуунун негизги темалары: - аялдардын ишкердиги; - чек аралык соода; - экономикалык туруктуулук; — чек ара аймактарындагы аймактык кызматташтык. Ишкерлер үчүн форум төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт: • бизнес жана өнөктөштүк боюнча жаны мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат алуу; • каржылоо жана колдоо программалары менен таанышуу; • чек ара аймактарындагы ийгиликтүү бизнес кейстерди угуу; • аялдардын ишкердигиндеги заманбап тренддер тууралуу билүү. Форумга Zoom аркылуу онлайн гана катышууга болот. Программа менен таанышуу үчүн төмөндөгү шилтеме аркылуу кириңиз:
Подробнее

Ишкердикти колдоо борборунун координаторлору жана консультанттары Кыргыз Республикасынын чакан жана орто ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү боюнча 2030-жылга чейинки Программанын долбоорун талкуулоого арналган стратегиялык сессияга катышышты.

📌Бишкекте 19-февралда Кыргыз Республикасында чакан жана орто ишкердикти (ЧОИ) 2030-жылга чейин колдоо жана өнүктүрүү боюнча Программанын долбоору талкууланган маанилүү стратегиялык сессия болуп өттү. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен катар Ишкердикти колдоо борборлорунун (ЦПП) координаторлору жана консультанттары да активдүү катышышты. Алар региондордогу ишкерлердин реалдуу муктаждыктарын жана практикалык сунуштарын талкууга алып чыгышты. Сессиянын негизги максаты — ишкердикти колдоодо бирдиктүү, ачык жана натыйжалуу системаны түзүү, аймактардагы бизнес үчүн тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу. Жыйынтыгында ЧОИни колдоонун артыкчылыктуу багыттары белгиленип, Кыргызстанда туруктуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү ишкердик чөйрөнү калыптандырууга багытталган чечимдер сунушталды.
Подробнее
Истории. Аналитика.Успешные кейсы. Бизнес темы.
24 жаштагы ишкердин өндүрүштөгү жолу
02 декабрь, 2025 г.
24 жаштагы жеке ишкер Жеңишбек Нуракунов Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айылында жашылча-жемиштен табигый сок чыгарат.
Жөнөкөй муктаждыктан — туруктуу бизнеске: “Кыргыз Чатыр” ишканасынын тарыхы
26 ноябрь, 2025 г.
Каракол шаарында 2021-жылы түптөлгөн “Кыргыз Чатыр” ишканасынын тарыхы жөнөкөй бир турмуштук кырдаалдан башталат. Бир гана чатырдын жоктугу кийин ишкерликке түрткү болуп, региондогу суроо-талапты толук канааттандырган өндүрүш ишканасына айланган.
Илешбековдор үй-бүлөсүнүн чыныгы ийгилик тарыхы
06 ноябрь, 2025 г.
Баштасаң — сөзсүз өсөсүң. Колдоого муктаж болсоң — ИКБ бар. Туура багыт болсо — ийгилик сөзсүз келет.
«Дар речи» - центр, где начинают говорить
15 сентябрь, 2025 г.
«Дар речи» — коррекционный центр, который работает по авторской методике основательницы Акбермет Нурпеисовой. Команда профессионалов работает с 16 речевыми диагнозами, а также с детьми с аутизмом, умственной отсталостью и неговорящими детьми. Главная ценность центра —профессиональные знания и доверие родителей, готовых идти вместе со специалистами к результату.
Ашкабактан мүмкүнчүлүккө: Батма Жанкарачеванын ийгилик жолу
06 август, 2025 г.
“Биздин негизги максат — Таластын табигый байлыгын заманбап азыкка айлантуу, ошону менен бирге жергиликтүү экономикага түрткү берүү болуп келет.” Таластан чыккан ишкер аял — Батма Жанкарачева ашкабак өстүрүп, үрөнүн экспорттоп, кайра иштетүү менен алектенет. Ишкердик жолундагы ар бир кыйынчылыкты мүмкүнчүлүккө айландырып, бүгүн продукциянын сапаты жогору, кардарлар туруктуу!
ОШТО ЖАҢЫЧА КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮ БАШТАЛДЫ
14 декабрь, 2024 г.
Ишкердикти колдоо борбору ар бир кардарына кеңеш берүү менен чектелбейт. Ар бир кайрылган кардарынын көйгөйлөрү чечилип, өз ишмердигин ийгиликтүү жолго салып алгыча көзөмөлгө алат. Бул жолу өзүнүн ишин баштап, бир аз да болсо ийгликтүү жүргүзө баштаган ишкер Арстанбек Кудайкулов жөнүндө сөз болот.
Предприниматели.Отзывы о работе ЦПП.
Аты жөнүм Малашов Алмазбек. Ишкердике жаңы кадам таштап жатамын. Ишкердикти Колдоо Борборунун юрист-консультанты Ильясбек Жусуев ишкананы катоого, баардык документтерди бүтүргөнү жардам берди. Булар көрсөтүп жаткан кызматтары мыкты денгээлде. Өркүндөп өсө беришсин, терең ыраазычылык билдиремин.
Здравствуйте. Я Омуркулов Нурсамат Нурмаматович. Хотел бы выразить искреннюю благодарность за юридическую и бизнес консультацию, которую мне предоставили вашими консультантами. Это был весьма положительный опыт, и я оцениваю вашу профессиональность и эффективность. Когда я обратился в ваш Центр, я имел множество вопросов и неопределенностей относительно развития своего бизнеса. Ваши консультанты проявили глубокие знания в сфере бизнеса и юридических вопросов, что помогло мне лучше понять свои права, обязанности и возможности в мире предпринимательства. Я особенно ценю индивидуальный подход, который мне предоставили. Каждый мой вопрос был тщательно изучен, и мне предоставили четкие и понятные ответы. Консультанты также предложили ценные советы и рекомендации, которые помогли мне разработать стратегию для дальнейшего развития моего бизнеса. Еще раз большое спасибо за вашу помощь и профессионализм. Вы делаете отличную работу, поддерживая предпринимателей, и я определенно рекомендую ваш Центр поддержки предпринимательства всем, кто нуждается в качественной консультации.
Эргешова Гулназ
Саламатсыздарбы. Мен Эргешова Гулназ Ишкердикти колдоо борборунун юрист консультанты Ильясбек Жусуев жана бизнес консультант Бекматов Рысбекдин көрсөткөн кызматтары ишкер катары мени ото жогорку денгээлде канааттандырат. Жана ошондой эле кандай маселе козголбосун чечүү үчүн КР мыйзамдарына ылайык сунуш жана чечимдерди кабыл алууга туура багыт көрсөткөн тажрыйбалуу адистер деп билемин. Ишкерлерди колдогонуңуздарга чоң ыраазычылык билдиребиз жана дайыма сиздерден кеңеш алып туруу биз учун өтө пайдалуу.
Улукбек уулу Дастанбек
Мен жеке ишкер Улукбек уулу Дастанбек, бухгалтердик кызмат көрсөтүү тармагында иш алып барамын. Ишкердикти колдоо борборунун кызматын тез-тез алып турамын. Себеби биздин кызмат салык кодекси жана юридикалык тармак менен байланышкандыктан ИКБнын көрсөткөн жардамы чоң жана үзгүлтүксүз. Кайсы убакыт болбосун биз кайрылганда пайдалуу жана так маалымат берип турушат. Мындан ары да тармактары көбөйүп көпкө иштешине тилектешмин, иштерине ийгилик каалаймын жана терең ыраазычылык билдиремин.
Раев Нургазы
Ишкердикти колдоо борборунун кызматтарын 2 жылдан бери колдонуп келем. Мамлекетте ишкерлерге тиешелүү кандай гана өзгөрүү же жаңылык болбосун баарыны так жана түшүнүктүү кылып биринчилерден болуп жеткирип турушат. Ишкердикти туура алып баруу боюнча кеңештерин берип бизди дайыма колдоп келишет. Баарына терең ыраазычылык билдирем жана ийгилик.
Маматкулов  Нургазы
Аты жөнүм Маматкулов Нургазы Кара-Кер ЖЧКсынын жетекчиси. Жалал-Абад шаарында иштеп жаткан ишкердикти колдоо борборунун көптөгөн кызматтарын колдонуп келем. Кара-Кер ЖЧКсын да Жусуев Ильясбек уюштуруу кагаз иштерин иштеп чыгып ачып берген. Азыркы учурда жакшы иштеп жатабыз. Аткарган иштери аябай так жана пайдалуу. Иштерине ийгилик каалайм жана ыраазычылык билдирем.
Ишкердикти колдоо борборунун юрист-консультантынан жаңы кеңсенин жерин ижарага алуу жана кагаз иштерин бүтүргөнү жардам берди. Баары мыкты деңгээлде бүттү. Жакынкы арада кеңсебиздин ачылышы болот. Терең ыраазычылык билдирем жана иштерине ийгилик каалайм.
Аблазов Замир
“Мен сатуу багытында көптөгөн суроолорум бар болчу. Андан кийин Ишкердикти колдоо болборунун бизнес-консультанты Султан Рахманов менен таанышып жолуктук. Мен бизнес-консультантка болгон бардык суроолорго жооп алдым. Ал мага көп маалыматтарды, маселелерди түшүндүрүп берди. Ошондон кийин биз кайсы убакытта реклама кылуу, кимди кылуу керек экенин жакшы түшүндүрүп берди. Мен стамотологиялык багытта иштегендиктен өзүмдү эле реклама кылып жүрүпмүн. Көрсө башка кызматкерлерди дагы жарнамалоо керек экен. Бизнес-консультанттарга ыраазычылык билдиремин.
Эрнист Нурманов
Биз “Умар Бренд” тигүү фабрикасы менен алектенебиз. Биз ушул багытта дагы башка фабрика ачууну максат кылып жүргөнбүз. Биз ал үчүн бизнести өнүктүрүү боюнча эксперт Замир Дуйшоев менен таанышып консультация алганбыз. Замир Дуйшоев бизге кантип анкета толтурууга, кантип тапшырууга, бардык документке жардам берген. Биз ошентип USAIDден ири өлчөмдө грант алып Ноокатта Көк Жар айыл өкмөтүндө тигүү фабрикабыз иштеп жатат. Биз бул менен эле чектелбей азыр чогуу дагы башка мүмкүнчүлүктөрдү карап, документ даярдоонун үстүндөбүз.
Айнагуль Рысмендеева
Жолдошбаев Мирлан - Ишкердикти Колдоо Борборунун бизнес консультанты катары "Ак-Суу Органик" көп тармактуу кооперативинин бизнес-планын Ысык-Көл Өнүктүрүү Фондуна даярдоого көмөктөшүүсүнүн натыйжасында аталган Фонддон кооператив үчүн 2,000,000 сом каржылоого берилди. Мирлан өтө маданияттуу, билимдүү, иш билги жигит. Мирлан өз ишине тың. Биздей ишкерлерге билген билимин, жардамын аябайт.
Алтынай Рыскулиева
Я Обратилась в Центр Поддержки Предпринимательства в Иссык-Кульской области, по делу о продвижении бизнеса. На стадии консультации и в дальнейшем бизнес-консультант Мирлан Жолдошбаев ответил на все мои вопросы по части реорганизации гостиничного дела и источникам финансирования строительства нового комплекса. Спасибо огромное за проделанную работу. Очень добропорядочный консультант, у него быстрая и четкая работа. Он знает свое дело. Я хочу выразить огромную благодарность.
Баткен ИКБ адистерине чоон ыразычылык билдиребиз. Биздин компания бир канча ирет кайрылып, консултация ала алдык. Айта кетсек Юстиция министрлигине кайра катоодон ѳтүү маселеси жана лицензия алуу маселеси жаралган учурда ИКБ юристи чон консултациялык жардам корсоттү. Иш кана бухгалтерия, эсеп кысап, салык режимдеринде болгон маселе боюнча Бухгалтер аябай чон жардам кѳрсѳтѳ алды. Мындан сырткары ишкердикти колдоо, долбоор жазуу, бизнес-план түзүү боюнча да чон жардам ала алдык. Баткен ИКБ адистери жалпак тилде түшүндүрүп, ишкерлердин ишмердүүлүгүн ѳнүктүрүүдѳ зор колдоо кѳрсѳтүп келе жатат деп айта алам.
Алимбек кызы Жидегүл
Баары мыкты деңгээлде. Мен 4,5 жолу кайрылдым. Ар бир маалыматты так, профессионалдык деңгээлде түшүндүрүп берет. Чечилген маселеримди айта кетсем: айлык салыктарды кантип тапшыруу керек, кварталдык отчетторду кантип тапшыруу керек, салыктардын төлөө тартиби, электрондук счет фактура жазуу деги эле баардык суроолорубузга түшүнүктүү жана жогорку деңгээлде жооп алабыз. Мындан ары да Ишкердикти колдоо борборунун адистеринин кызматтарын колдоном. Ишкерлердин өнүгүшүнө салымы чоң. Иштерине ийгилик каалайм!
Ар бир ишкер үчүн ишканада эсепти туура коюу абдан маанилүү. Ишкердикти колдоо борборунун адистери мага ишканамдагы эсепти мыйзамдарга ылайык, талаптарга жооп берген, эсеп системасын коюп берүүгө жардам беришти. Аларга терең ыраазычылык билдирем жана иштерине албан ийгиликтерди каалайм.
Таштанов Айбек
Жалал-Абад ИКБнын адистерине терең ыраазычылык билдирем. Өлкөбүздүн салыктарга өзгөрүү, жаңы эрежелер кирип жатканда, ишкерлерге жеткиликтүү маалымат берип, колдоп келе жатат. Ишкердикти жаңы баштаган ишкерлерге жеңилдик болууда. Өзүм жа кандайдыр бир кеңеш керек болгондо жыйынтыктуу маалымат алып турам. Ийгилик!!!

Записаться на бесплатную консультацию.Оставайтесь на связи.