1-январынан 2022-жылга Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык

Экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн аянтты, анын ичинде рыноктордогу (мини-рыноктордогу) жана соода борборлорундагы жана үйлөрдөгү соода орундарын ижарага берүүчү Субъект ижара келишиминде ККМди колдонууга милдеттүү Ижарачыда ККМ бар экендиги жөнүндө талапты белгилөөгө милдеттүү, аны аткарбоо мындай келишимди бир тараптуу тартипте бузууга алып келет.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде субъект терминине карата аныктама берилген.  

Субъект-уюштуруу-укуктук формасына, ишинин түрүнө, баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан экономикалык ишти жүзөгө ашыруучу жана/же салык салуу объекттери бар жеке жак, жеке ишкер, уюм, мамлекеттик мекеме, обочолонгон бөлүм, туруктуу мекеме;