Биз жөнүндө
Ишкердикти колдоо борбору (ИКБ) 2017-жылдын 27-декабрынан тарта JIA Бизнес-ассоциациясынын демилгеси жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык колдоосу менен иш алып барууда. Учурда ИКБ өлкөнүн Баткен, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл облустарында чакан жана орто бизнести өнүктүрүү максатында ишмердүүлүк жүргүзүп жатат.
Миссия
Ишкерлерге маалыматтык жана консультациялык көмөк көрсөтүү, ошондой эле сапаттуу бизнес-демилгелерди түзүү, даярдоо жана ишке ашырууга көмөктөшүү аркылуу ишкердикти өнүктүрүү.
_________________________________________
Биздин жетишкендиктер:
Өлкөнүн 5 облусунда ( Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл) кызмат көрсөтүүдө
10 000ден ашуун консультация
300дөн ашуун субсидияларды алуу үчүн документтерди текшерүү
150дөн ашуун грант алууга көмөктөшүү
ИКБ консультанттары бизнес багытындагы 200 дөн ашуун семинар жана тренингдерге спикер катары катышты