24 жаштагы жеке ишкер Жеңишбек Нуракунов Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айылында жашылча-жемиштен табигый сок чыгарат. 

Ошондой эле кардарлар өз алмасын алып келсе, ошол эле жерде сыгып даяр сок жасап берүү кызматын да көрсөтүшөт.

«Алма өзүбүздөн чыгат. Кошумча башка айылдардан да сатып алабыз. Ким болбосун өзүнүн алмасын алып келсе, сыгып даяр сок кылып беребиз», — дейт ал. Мындай кызмат той-топур жасап жаткан үй-бүлөлөр арасында өзгөчө суроо-талапта.

Анын негизги кардарлары Каракол шаарындагы, ошондой эле жакынкы айылдардагы базарлар менен дүң дүкөндөр. Алдыда продукцияны башка облустарга да чыгарып, майда дүкөндөргө жеткирүүнү пландап жатат.

Жеңишбек азыр заготовканын акыркы күндөрү экенин айтат — цехинде алма жыттанып, бөтөлкөлөр тынымсыз толтурулуп турат. Анын продукциясын негизинен Каракол шаарынын жана жакынкы айылдардын дүкөндөрү, базарлары алышат. «Буюрса, башка облустарга да чыгарабыз деген план бар», — деп кошумчалайт жаш ишкер.

Үй-бүлөлүк иштен өз алдынча өндүрүшкө

Бул өндүрүш башында Жеңишбектин байкеси жана анын өнөктөшүнө таандык болгон. Өзү болсо жөн гана жардамчы катары жүрчү. Бирок өткөн жылы ишкердикти толугу менен өз колуна алып, жаңыланган талаптарга ылайык ишканага расмий өрнөк берүүнү чечкен. Ошондо күтүлбөгөн тоскоолдук жаралат — мыйзам боюнча сок чыгаруучулар акциздик марка алууга милдеттүү. Бирок райондук салык кызматынын өзү да бул жаатта жаңы талаптарды толук өздөштүрө элек убак.

«Ак-Суу районунун салык кызматына барганда бири-бирибизди түшүнө албай койдук. Андан кийин тааныштар аркылуу ИКБнын юрист-консультанты Мирлан Давляевге кайрылгам», - деп эскерет Жеңишбек. 

«Баарыбыз чогуу үйрөндүк» — ИКБнын ролу

Мирлан Давляев менен иш башталгандан кийин гана документтер, талаптар жана процедуралар акырындап тактала баштаган. Жеңиш мырза Ак-Суу районунда алгачкы акциздик марка ала турчу жаран экен. Салык кызматкерлерине да чоң жаңылык болуп, жада калса Бишкекке барып окуп келишти. Мирлан мырза мындай дейт:
 «Жеңишбек Бирдиктүү налоговый режимде жүргөн экен. Акциз алуу үчүн ал режим жарабайт, ошондуктан биз аны Жалпы салык режимге өткөрдүк. Бишкек менен да сүйлөшүп, бардык жол-жоболорду тактап, документтерин толук даярдап бердик».

Анын айтымында, райондук деңгээлде акциздүү товар менен иштеген өндүрүштөр дээрлик жок болгону үчүн процесс башында татаал болгон. Бишкек аркылуу аккаунтка доступ ачылып, Айыл Банкка акциздик маркалар жеткирилип, төлөмдөр жүргүзүлүп, андан соң гана өндүрүш мыйзамдуу форматта иштей баштаган.

«Баарыбыз кошо үйрөндүк, чогуу жол бастык», — дейт Жеңишбек муну жылмайып.

ИКБнын юрист-консультанты азыр да аны коштоп турат:
 — салык режимин тандоо,
 — айлык жана кварталдык отчеттор,
 — НДС, сатуу салыгы, пайда салыгы,
 — акциздик отчеттор,
 — ЭСФ даярдоо — баары кошумча көзөмөлдө.

«Мага жардам абдан чоң болду. Азыр ИКБны баарына сунуштайм. Мен жөнөткөн кардарлар да көп», — деп айтат ишкер.

Жергиликтүү брендге айланган алма соку

Бүгүн Жеңишбек чыгарган алма соку Каракол базарында өзүнчө таанымал брендге айланып баратат. Ал эми анын баштапкы максаты — жергиликтүү продукциянын сапатын көтөрүү жана айылдагы мөмө-жемишти кайра иштетүүнү жандандыруу. Биздин аймакта жаш ишкерлер көп учурда бюрократиялык тоскоолдуктарга туш болот. Бирок Жеңишбектин окуясы — туура багыт, туруктуулук жана колдоо болгон учурда чакан өндүрүш да чоң жолго түшө аларын далилдейт.