Айнагуль Рысмендеева – Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районундагы Теплоключенка айыл аймагынын мобилизатору жана “Ак-Суу Органик” кооперативинин төрагасы. Бул Кыргызстандагы көп тармактуу жалгыз кооператив. Айнагуль эженин негизги максаты -  аймактын жашоочуларына органикалык айыл-чарбачылыкты жайылтуу. Анткени бул багыттагы ар бир кадам элдин ден-соолугуна, экологияга таасир этерине терең ишенет. Азыркы учурда 100дөн ашык фермер органикалык талаптарга жооп берген чарбаларды түзүштү, алар ар дайым билимин тереңдетип, эл аралык сертификаттарга ээ болушту. 

Айнагуль эженин чарбачылыкта 40 жылдык тажрыйбасы болгонуна байланыштуу бардык тармакты тең караганга мүмкүнчүлүгү бар. Картөшкө, үрөндөр, кыям, сарымсак, чөп чайлар, табигый жер семирткичтер (компост, биогумус) – кооперативдин продукциялары. Жалпы 200гө жакын дыйкан мүчөлөр бар. 


“Бир багытты танда дегендер көп, бирок мен тажрыйбама таянып көп тармактуу кооператив болууну тандадым. Тармак канчалык көп болсо кризистен чыгуу жолдору да ошончолук көп болот. Негизи ишкер десе эле көпчүлүк жыргап,  акчаны учтап көтөргөн деп билишет эмеспи, болбосо эмне деген татаал жолду басып өтөбүз? Мен үчүн ишкердикте ийгиликтин бирден бир сыры бул өз ишиңдин күйөрманы болуу, анткени иште болгон кыйынчылыктарды бир гана күйүү менен жеңет экенсиң. Жер иштетүүдө талыкпас эмгек абдан маанилүү экен. Анан жер дагы өз акыбетин сөзсүз түрдө берет. 

Өзгөчө быйылкы жыл биз үчүн абдан үзүрлүү болду десем болот. Көптөгөн жарманкелерде продукциялырыбызды ийгиликтүү көрсөтө алдык. Мамлекетебиздин эгемендүүлүгүнө арналган президенттин катышуусундагы Ош шаарында өткөн жарманкеде 20 миңден ашык коноктордун алдына алып барган кыям, чайларыбыз бат эле элдин сүймөнчүлүгүнө айланды. “Жер эненин жемиштери” аттуу номинацияда жеңишке жеттик”. 


Айнагуль эже 40тан ашык чайдын түрлөрү жана ар кандай кыямдарды чыгарат. Негизги кардарлары жарманкеге келген кардарлар, себеби бардык райондук, шаардык, облустук, республикалык жарманкелерге катышат. Ошондой эле Ысык-Көл облусунун  конок үйлөрүнөн туристтер көп алышат. Эженин байкоосу боюнча соңку жылдарда органикалык продукцияга элдин кызыгуусу артып, ден-соолукка пайдалуу азыктарды алууга умтулуу пайда болду.  


    “Өлкөбүздүн органикалык потенциалы абдан чоң. Агрардуу өлкө болгондуктан дүйнө элин таң калтырчу жолубуз бул - органика. Соңку эки жылдан бери Өзбекстан органикалык картөшкөнү бизден абдан чоң өлчөмдө сурап жатышат. 20 миң тонна буйрутманы бир айыл тарта албайт, андыктан райондук масштабда биригүү керек. Жеңил акчага кызыккан калктын калың катмары баягы эле химиялык жер семирткичтерди колдонуп, бир гана жерге эле эмес, кардарлардын, жакындарынын, үй-бүлөсүн уулап жаткандыгынан кабары жок. Азыркы учурда химия көп колдонулгандыктан, картөшкөдө ар кандай бактериялык оорулар да пайда болду. Биз көп дары ичкенде боорубуз кандай ооруса, жер дагы химикаттардан кыйналат, ууланат. Өзүбүз эл аралык талаптарга жооп бере турган сапаттуу продукция чыгара албай, эскпортко чыга албайбыз деп бийликти күнөөлөй беребиз. Эгерде толугу менен органикага өтүп алсак, баасы да кымбат болгон продукция чыгара алат элек”. 


Органикага өтө кылдат мамиле кылуу зарыл. Бул жөн гана химикатсыз продукт эмес. Көзүбүз менен же даам менен биле албайбыз. Азыр органикалык деген атка татыктуу болбой туруп эле, мыкты жарнама, PR аркылуу өз продукцияларын сатып жаткан шылуун ишкерлер да көп. Түпкү көрөңгөсү кайсыл жактан келди деп тарыхын сураса айта албай калышат. Атайын лабораториялык текшерүүлөрдөн изилденип чыгат. Ошол продукт өстүрүлгөн жердин өзү таза болуусу зарыл. Аны текшерүү үчүн нитратомер колдонулат. Нитратомер бул жердин жана жерден чыккан жашылча жемиштердеги нитраттарды (химикаттарды) аныктоочу аппарат. Ошондой эле атайын PGS деген фермерлердин өз ара текшерүү системасы бар. Белгилүү бир мөөнөт сайын көз карандысыз комиссия нукуралыкка  текшерип турат. 

“Органика жаатында ишкерлердин көбөйүүсү мени кубандырат, себеби органиканын келечегин өнүгүүсү үчүн бул ишке киришишти. Бирок, толук түшүнүп, аяр мамиле жасап, бардык талаптарга жооп берип иштегенде гана Кыргызстанда органика өнүгөт”.


Азыркы этапта Айнагуль эже тоңдургуч жасатып, мөмө-жемиштерди тоңдуруп экспортко чыгаруу ою бар. Ушул ойду ишке ашыруу үчүн Ишкердикти Колдоо Борборунун бизнес-консультанты Мирлан Жолдошбаевге кайрылган. Мирлан мырза кыска мөөнөттө бизнес-план даярдап, Ысык-Көл Өнүктүрүү фондуна тапшырган. Жыйынтыгында фонддон 3 млн сомдук каржылоо алууга жол ачылды.

“Мирландын жардамы эбегейсиз болду. Азыркы маалда 3 000 000 сомдун 1 000 000 сомун алып, ал акчага кулпунай, дан курай көчөттөрүн алдык. Калган 2 млн сомго профессионалдуу кыям кайната турган шаймандарды алып, өндүрүшүбүздү автоматизация кылалы деп пландап жатабыз. Буюрса эл аралык (ХАСПП) стандартка  жооп бере турган продукцияны чыгара баштайбыз. Кыргызстандын мөмө-жемиштерге болгон суроо талабы чоң. Мисалы, Монголия тынымсыз суроодо. Кыям, чайларыбыз биз барбаган дүйнөнүн булуң-бурчуна, Индия, Европа мамлекеттерине барууда. Өзгөчө тообурчактан жасалган кыямыбызга кызыгышат. Анткени бул абдан уникалдуу продукт десем жаңылышпайм. 


Албетте менин бүгүнкү күндөгү ийгилигиме көптөгөн органикалык уюмдардын салымы чоң. Бирок мен Мирланга өтө ыраазымын. Анын да органика жаатында билими жогору. Бизге маркетинг, жарнама жактан дайым жардам берет. Ютубта “Кыргыз органик” деген каналга чыгуубузга көмөктөшкөн. Ар кандай эксполор болсо айтып, каттап, өзү түзгөн “Биофермерлер Биримдиги жана органикалык продукциялардын кардарлары” платформасы аркылуу бизге азыктарды сатуу аянтчасын түзүп берди. Ал жактан да туруктуу кардарлар буйрутмаларын берип турушат. Мындан ары да Мирлан жана жалпы ИКБ менен тыгыз иштешебиз деп үмүттөнөм. Ошондой эле окурмандарга кайрылам: химикаттарды кыскартып, дарысыз жашоого, таза тамакка өтөлү!”


Айнагуль Рысмендеева менен түз байланыш номуру +996 708 593 344