Айзада Халилованын 17 жылдык ишкердүүлүгүнүн ары түйшүктүү, ары кызыктуу таржымалы менен бөлүшөбүз. Айзада айым медициналык борборду биртоп жыл катар ижарага алынган жерде иштеткен соң, 2016-жылы жеке имаратын куруп баштаган. Үч жылга созулган курулуш процесси каражаттын жоктугу менен токтотулган эле...

ЖИА жана ЕККУ алдында түзүлгөн Ишкердикти колдоо борборуна кайрылган ишкер жеңилдетилген насыя алуу боюнча каржылык консультация алып, кыска убакытта имаратты бүтүрүүгө  жана медициналык жабдык алууга  6% менен банктан насыя алган.

Алгачкы кайрылуу ИКБ менен тыгыз байланышта болууга, ар кыл кеңеш алууга шарт түздү. Курулуш бүтөөр алдында жер маселеси боюнча көйгөйлөр пайда болуп, бул сапар Ишкердикти колдоо борборунун юрист-кеңешчиси Айзада айымга натыйжалуу жардам көрсөттү.

Кийинки кадам – медициналык борборду жетишпеген жабдыктар менен толтуруу эле. ИКБдан бизнес план жазуу боюнча үч күндүк окуудан өтүп, тиешелүү программага арыз жазган соң, Айзада Халилова ЕККУнун гранттык программасынын жеңүүчүлөрүнүн бири боло алды.

Дагы бир маанилүү кадам - “Тонус” борбору ИКБ багыты менен ЕБРРден автоматташтыруу жана СRМ орнотуу боюнча грантка жетишип, жумушун оптималдаштырууга жетишти.  

Жакында ишкер айым жаңы имаратта жаңы жабдыктар менен “Тонус” медициналык борборунун жаңыланып ачылышын салтанаттуу түрдө өткөрүп,  жалпы 19 жумушчу менен ийгиликтүү иш алып барууда.  Учурда борбор Лейлек району жана Исфана шаарынын  элине кызмат көрсөтүп келет.