Ишкердикти Колдоо Борборунун Оштогу консультанттары дагы бир долбоордун ийгиликтүу иш алып барышына себепчи болушту. "Бал ширин" деген таттуу аталышы бар бул ишкананы Арстанбек Маматов жетектейт. Ош облусун жана жакынкы региондорду табигый кыям менен камсыздайт. Ал ИКБ кызматкерлери менен таанышып, бизнести өнүктүрүү, каржы жана юридикалык кеңештерди алып, ишин керектүү нукка салууга жетишти. Консультанттар А.Маматовго ИКБга ишеним көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык айтып, кызматташууну улантууну көздөгөндөрүн билдиришет.