Жаркынай Ганыева 2009-жылдан бери Лейлек районунун Раззаков шаарында «Диагностик» жеке менчик клиникасын иштетип келет. Ижарага алынган эки кабинет менен башталган иш азыркы учурда жеке менчик эки чоң имаратта жүрүп жатканы – ишкер айымдын өжөрлүгүн тастыктай алат. 

Элдин жана замандын талабына ылайык клиниканы өнүктүрүп, жаңы жабдыктарды алуу, ошондой эле ресурс жана финансы таңкыстыгы, юридикалык маселелери пайда болгон. Ошол себептен ишкер айым Баткен Ишкердикти колдоо борборуна кайрылган.

ИКБнын бизнес-консультанты «Диагностик» медициналык борборуна Япония Өкмөтү колдогон ПРООНдун «COVID-19га инклюзивдик жана көп секторлуу реакцияны колдоо жана анын Кыргыз Республикасындагы социалдык-экономикалык таасири» долбооруна катышуу үчүн керектүү документтерди топтоо жана толтуруу үчүн жардам берген. Жыйынтыгында Жаркынай айым 9000 АКШ долларына бааланган лор-комбайн жабдыгын ала алды.

Андан сырткары ЕККУнун “Баткен облусунун чек ара аймагындагы ишкерлерди колдоо” атайын программасы боюнча ИКБнын консультанттары иш алып барышып, ишкер айымга 120 миң сомдун оргтехникасын алууга көмөкчү болушту.

Ошондой эле ЕРӨБ (Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы) менен ИКБнын кызматташуусунун алкагында “Диагностик” медициналык борборун автоматташтыруу, системалаштыруу боюнча 6000 евролук долбоор ишке ашып, медициналык борбордун иши тартипке келтирилип, CRM система орноштурулуп, кызмат көрсөтүүсү алда канча жеңилдеген. 

ЕАЭБден келген медициналык жабдыкка салык кызматы тарабынан салынган 83миң сомдук КНСты Баткен ИКБнын финансы-консультанты туура эмес белгиленгендигин айгиленеп, бул боюнча ишкердин ири көйгөйлөрүнүн алдын алган. 

Андан сырткары юрист-консультант көп жылдан бери чечилбей жүргөн медициналык борборго алып барган жол жана көпүрө маселесин Раззаков шаардык мэриясына бир нече кайрылуулардын негизинде ишкердин пайдасына чечип берди.

Жаркынай Ганыева 2020-жылдан бери Баткен ИКБнын туруктуу кардары болуп келет. Ал тез-тез консультацияларды алып, ИКБнын иш-чара, семинар, тренингдерин калтырбайт. Ишкер айым жеке өзүнүн бизнес көндүмдөрүнүн жана “Диагностик” клиникасынын активдүү өнүгүүсүнө салымын кошкондугу үчүн Баткен ИКБ консультанттарына терең ыраазычылыгын талбай айтып келет. Кеңештерди туура пайдаланып, жөнгө салып кеткен Жаркынай айымды да жигердүү эмгеги менен куттуктап, кийинки этаптарда да албан ийгиликтерди каалайбыз!