Гулира Файзуллаева Баткен шаарындагы «Ден соолук» медициналык борборунун жана «Доктор Файзуллаеванын ден соолук формуласы» дарылык дене тарбия (ЛФК) борборунун негиздөөчүсү жана жетекчиси. «Ден соолук» медициналык борбору Баткен шаарындагы эң чоң медициналык борборлорунун бири жана медициналык көп кызматтарды сунуштайт: УЗИ диагностика, тиш дарыгери, жүрөк кан-тамырлар дарыгери, уролог, гинеколог, андан сырткары күндүзгү стационар жана терапевтикалык, гинекологиялык, неврологиялык ооруулуларды дарылаган стационар иштейт. Мындан сырткары 2022-жылдын 14-ноябрь күнү «Доктор Файзуллаеванын ден соолук формуласы» дарылык дене тарбия (ЛФК) борборун ачты. Бул борбор инсульт, КОВИД ж.б. ооруларынан жабыркагандардын ооруудан кийинки калыбына келүүсүнө, таяныч-кыймыл органдарынан жабыркагандарга, физикалык мүмкүнчүлүгү чектелген жаш балдардан баштап чоң кишилердин баарына атайын медициналык жабдыктардын негизинде калыбына келтирүүчү дене тарбия кызматын көрсөтөт. Бул борбор Кыргызстандын түштүгүндөгү жалгыз ушундай борбор.

Гулира айым Баткен ИКБнын 2 жылдан берки дайымкы кардары. Баткен ИКБга ижарада турган медициналык борборун өнүктүрүп, мүмкүн болсо өз алдынча имарат куруу, каражат тартуу, лицензия, финансылык-бухгалтериялык эсепти тууралоо боюнча жардамга муктаж болгон.

Баткен ИКБнын консультанттары медициналык борборду өнүктүрүү боюнча Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынан «Доктор Файзуллаеванын ден соолук формуласы» дарылык дене тарбия (ЛФК) борборун ачуу үчүн 10миң евро каражат тартууга көмөктөштү.