2021-жылы Ишкердикти Колдоо Борборунун консультанттары эмерек борборунун ишин толук диагностикадан өткөрүшкөн: ишкана каттоодон өтүп-өтпөгөнүн, локалдык документтеринин бар-жогун, ошол учурдагы киреше-чыгашаларынын кантип эсепке алынаарын аныкташкан.


Ишкер ИКБнын үч айлык абоненттик тейлөө кызматын колдонууну чечкен. Жыйынтыкта системаны оптималдаштыруу максатында 3 соода чекитинин бирөөсүн жабуу чечими кабыл алынды.

Экинчиден, кызматкерлер арасында сурамжылоо жүргүзүлүп, штаттык структура такталды. Азыр компаниянын жамаатында ай сайын тимбилдинг программалары уюштурулуп турат. Компания каржы боюнча эсеп жүргүзчү эмес жана салык органдарында каттоодон өтө элек болчу. Консультанттар дароо ыктыярдуу патент алып берип, ар бир кызматкерди социалдык камсыздоо программасында катташты.

Андан сырткары, компания киреше-чыгаша эсебин жүргүзө баштады. Бул каржыны туура пайдаланууга шарт түздү. Компаниянын мойнунда 700 миң сом көлөмүндөгү чоң насыялык карызы бар болчу. Качан ишмердүүлүктүн эсеп-кысабы Excel менен так жүргүзүлө баштаганда каражат рационалдуу жөнгө салынып, насыядан туура жана убагында кутулуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.