Кеңеш Самыкбаев 15 жылдан бери мамлекеттик кызматта эмгектенип келген. Бирок ал өзүн сыноо максатында жашоосунда жаңы басамакка өткүсү келип, эмерек цехин ачып азыркы учурда жаңы ийгиликтүү ишкерлердин катарын толуктоодо.

Ишкердикке чечкиндүү кадам 

2020-жылы досум Ахмет Каракол шааарына ашар жолу менен китепкана салабыз деп сунуштап калды. Пандемия учурунда үйдө жата бербей китепкана салууга киришкенбиз. Баарыбыз эле жөнөкөй ишкер же кызматкер болгондуктан куруучуларды жалдаганга каражатыбыз жок эле, ошондуктан китепкананы өз колубуз менен салууга туура келген. Ошол жактан кол өнөрчүлүккө шыгым болгонун түшүнгөм. Болбосо буга чейин такыр балка кармап көргөн эмесмин, кызыгым да болгон эмес. 

Устачылыкта 20 жыл тажрыйбасы бар Марлен деген азыркы ортогум менен дал ошол убакытта таанышкам. Негизи ал өтө кыйын уста. Караколдогу “ДЕМ” китепканасына ошондой эле Кызыл-Суудагы “ДЕМ” китепканасына кошкон салымы өтө чоң. Бул китепкана социалдык долбоор болгондуктан, акысыз иштегенбиз, тескерисинче болгон акчабызды, күчүбүздү берип, Каракол шаарына бир жакшылык кылгыбыз келген. Балким, бул себептен “Керек Эмерек” ишканабыз берекелүү старт алды. 

“Керек Эмеректин” түптөлүшү

Эң баштан бери бизнесибизди расмий түрдө жүргүзөбүз деп чечкенбиз. Анткени ишкердикти каттоо, салык төлөө – бул ар бир жарандын милдети деп эсептейбиз. Негизи Караколдо эмерек цехтери өтө көп, бирок бир байкем айтты эле “Атаандаштык болгон жерде акча бар” деп, күмөн санабастан ишкананы ачтык. Ишкердикти Колдоо Борбору тууралуу көп эле угуп жүргөм, себеби, досторум, тааныштарым кызмат алып жүрүшчү. 


Биринчи эле ИКБнын юрист-консультантына кайрылдык. Ишкердикти ЖЧК же Жеке ишкердик кылып каттоонун кайсынысы бизге ыңгайлуу болору туурасында консультация алганбыз. Негизи мамлекеттик иш кагаздар өтө көп экен, ошондуктан дароо эле юрист-консультант бизди коштоого алды. Атап отурсак көп болот, юрист-консультант салык режимин тандоодон баштап, каттоо, устав, келишимдер жана буйруктарга чейин даярдап бүтүрүп берди. Ошентип биздин ишкана 2022-жылдын 22-декабрында иштеп баштады. 

“Керек Эмерек” азыркы учурда

Жалпысынан кеңселерге, эс алуу жайларга, үйлөргө ылайыктуу эмеректерди жасайбыз.  Жыгачтан, ЛДСП, МФД фанерадан, лофт мебель жасайбыз. Биздин кардар Каракол шаарынан болобу, Бишкектен болобу эмерек жасатам деген ар бир жаран. Биз кардардын индивидуалдуу түрдө буйрутмасын алып, алардын талабына жараша эмерек даярдайбыз. Кайсы түстө, стилде, кандай материал кааласа, ошого жараша кардардын күтүүсүн актайлы деп иштейбиз. Ишкердикти Колдоо Борборунун бизнес-консультанты бизди Владимир Красюк деген Орусиядан келген ишкер менен тааныштырган. Ал киши Орусияда жыгач боюнча ишкер, сандуу программалоо менен башкарылган аппарат (ЧПУ) менен иш алып барат экен. Азыркы учурда экөөбүз өнөктөш болуп, алдыда чоң максаттарыбыз бар. Ал кишинин да жардамы чоң болуп жатат. Владимир аркылуу Орусиядан бышык станокторду  алып жатабыз. Учурда бизде жалпысынан 16 станок бар, алардын баасы  2 500 000 сомдун тегерегинде. 


Кызматкерлерге өзгөчө шарттар

Бизде 10 киши эмгектенет. Бардык усталарыбыз тажрыйбалуу, өз ишин мыкты аткарган жоопкерчиликтүү инсандар. Азыркы учурда көп эле ишканаларда кадр жетишсиздиги болуп жатат. Ошондуктан биз жумушчуларыбызга бардык шарттарды түзүп берүүгө аракет кылабыз. Мисалы, ысык тамагын беребиз, тимбилдинг уюштуруп турабыз. Буйрутмалар болбогон учурларда  чөнтөгүбүздөн айлык берген күндөр болот. Ошондой эле жылдын башында буйрутма менен бал-челек жасаганбыз. Өзүбүзгө да бир нече жасап, ар бир кызматкерибизге 1-2 бал-челектен тоого койгонбуз. Ал жакка эч ким барбайт, атайын адам жалдадык. Бардык чыгымдарды ишканабыз көтөрөт. Кызматкерлерге даяр үлүш беребиз, кааласа өздөрү жейт, кааласа сатышат. 

Иш баштаганыбызга бир жылдай болду, бирок чоңойгон сайын кызматкерлерибизге дагы жакшыраак шарт түзүүнү ойлоп жатабыз. 


ИКБнын жардамы

Юрист менен бизнес консультанттардан сырткары, ИКБ Жалал-Абаддагы финансылык консультант менен иштешип баштадым. Финансылык эсеп так болушу үчүн 1С программасын орнотуп жатабыз. Бизди онлайн окутуп, коштоп турат. Негизи эле ИКБнын бардык кызматкерлери колдоп турушат. Ошондой эле ишкана ачылгандан бери PR-консультант менен иштешебиз. Бренддин пайда болуусуна чоң салымы бар. Бизге нөлдөн баштап инстаграм баракча ачып берип, өзү алып барып жатат. Жарнамаларды кетирет, буклет жасап берди. Буйрутмаларыбыздын 60-70 пайызы Инстаграм аркылуу келет. Мисалы, чоң пансионаттар, мектептер дагы бизди Инстаграм аркылуу таап, иштешип башташкан. 

Ишкердикти Колдоо Борбору юридикалык документтерди бүтүрдү, салык маселелерди чечти, багыт көрсөттү, өзгөчө таанытуу боюнча PR жактан коштоп жатат. ИКБ болбогондо баарына өзүбүз чуркамакпыз, өзүбүз чуркасак убакыт кетмек. Ар бир нерсени ээси жасаганы жакшы, ишибиз жеңилдеди, өнүгүп жатабыз. Негизи ишкерлер ИКБга талабын коюшса, ИКБ толук аткарып берет. Баарына сунуштайбыз!

Байланыш үчүн шилтеме