Зарема Урдолотова Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районун Кызыл-Суу айылында турат. 2003-жылы Бишкекте Исхак Раззаков атындагы Кыргыз Техникалык Университетинде конструктор-модельер инженер факультетин бүтүргөн. Кийин Бишкек шаарында цех ачып иштеткен, бирок үй-бүлөлүк себептерден улам Кызыл-Сууга көчүп кеткен. 2016-жылы Кызыл-Сууга көчүп келгенден кийин Каракол шаарындагы Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик Университетине педагогикалык факультетине тапшырган. Ошону менен Зарема айымдын мугалимдик турмушу башталган. Бирок тигүү тармагы өзүнө жакын болгондуктан ошол эле мектеп мугалимдерине костюмдарды, шырылган чыптамаларды тигип иштеген.

“ИКБнын гранттык программасын Инстаграмдан көргөм. 2021-жылы окуган айымдарга суктанып, мен да катышууну каалагам. Кийин 200 чакты адамдын арасынан өтүп кеткенде да бардык туугандарга, кесиптештерге сүйүнчүлөгөм.”

Зарема айымдын ЕККУнун “Ысык-Көл облусунун айымдарынын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” программасына катышуусу өтө кызыктуу болгон. Алгач программага арыз толтурган кезде интерактивдик акыл такта алууну пландаган эле. Мугалим болгондуктан, балдарга курс даярдап окутайын деген ою болгон. Бирок 3 күндүк окутуунун негизинде пикири өзгөрүп, башынан алектенген тигүү тармагы боюнча кетүүнү чечкен. Зарема эжеге ИКБнын тренерлери да колдоо көрсөтүп, шайманын алмаштырууга уруксат беришкен. Ошентип, ийгиликтүү 17 айымдын катарына кирип плоттер шайманын алган. Кошумчалай кетсек, Зарема эжеге шаймандын өзү гана берилип, программасын өзүнчө сатып алуусу зарыл болгон. Анткени GRAFIS программасы өтө кымбат турат. Бирок шайман акжолтой болуп, ишмер айымга бекер орнотуу буюрган. “Ошондо туура жолдо болгонумду, плоттер алганым жакшы болуптур деп түшүндүм” - дейт Зарема. 

Плоттер бул чиймелерди, схемаларды, карталарды жана башка графикалык маалыматтарды A0 өлчөмүнө чейинки кагазга же калькага автоматтык түрдө тартуучу шайман. Зарема айым буйрутма менен кийим бычат, себеби бул шайман убакытты жана кездемени үнөмдөйт. Плоттер аркылуу GRAFIS программасына бардык параметрлерди салып каалаган көлөмдө, каалаган кийимди аз убакытта бычса болот. 


“Жака-жең бычкан оор болчу, плоттер менен бир заматта чыгарабыз. Даяр кагазга чыгарып дароо керектүү формаларды алып тиге берсе болот. Ишти дагы жеңилдетүү жана тездетүү максатында атайын 40 миң сомго CLO3D программасын алып окудум. Виртуалдык конструктор аркылуу аватарга кийгизип, адамдын фигурасына жараша отургузса болот. CLO3D менен виртуалдык кийим, бут кийим, акссесуар даярдаса болот.”

Зарема айым айылдагы жалпы буйрутмалардын баарын өзү алат. Тигүүчү шаймандары болгондуктан, тигүү боюнча курс өткөргөн. Эң жакшы жыйынтык көрсөткөн 4 айымды жумуш менен камсыз кылган. Мектептин иш-чараларына формаларды, бүтүрүүчүлөргө мантия тигип беришет. Ошондой эле жеке буйрутма менен офистик кийимдерди, көйнөктөрдү, рюкзактарды да алып бычып тигишет. 


Ишкердикти Колдоо Борборунун идеясы жана колдоосу аркылуу Зарема айым өзүнүн алгачкы коллекциясын даярдады. Ош облусунда өтө турган “Көчмөн Бизнес Аянтча-2023” иш-чарасына Ысык-Көл айымдарына улуттук кийимдерди тикти. Ар бир айымдын оюна жараша ар кандай кылып улуттук стилде баштык, корсет, чыптама, белдемчи, абая тигип сатты. Иш-чарадан соң  да суроо-талап болуп сатуулар көбөйдү. 


Зарема айым мугалимдик кесиптин аркасы менен компьютер, принтер колдонууну үйрөндү, ар кандай окууларга катышты. Ошондуктан плоттер шайманын алганда атайын программаларды изилдеп, тез өздөштүрдү. Жакынкы пландары GRAFIS жана CLO3D программалары боюнча онлайн/офлайн курс ачуу. Себеби ушул программалар менен иштөө боюнча талап көп. Зарема айым педагогикалык билими болгондуктан, жакшы сиңимдүү билим берүүнү пландап жатат. Бул планын ашыруу үчүн  ИКБнын пиар-консультанты да көмөктөшөт.

“Жалпысынан эле ИКБ толук түрдө жардам берет. Соцтармактарга көп чыгарышат, консультация беришет. ИКБнын семинарлары азыркыга чейин жардам берет, өтө жөнөкөй жана түшүнүктүү. Башкаларга да бизнес-планды түзүүнү үйрөтөм, себеби биздин айылда андай адистер жок. ИКБ аркылуу таанышуулар көп, мен абдан нетворкинг курууну жакшы көрөм. Биз азыркыга чейин бүт бенефициарлар менен тыгыз байланыштабыз, бири-бирибизге барып турабыз”.

“ИКБ мени аябай колдоду. Ишкерлер негизи практик болот эмеспи, теория жагынан көп нерселерди билбей калышы мүмкүн. Юрист-консультант Абдибакыт Курбанов юридикалык каттоодон өткөрүп, ОсОО ачканга жардам берди. Ишкананын атын “УМ и да” койдук. Уставды да консультант өзү жазып берди. Мен өзүмдү толук кандуу ишкер деп ойлочу эмес экенмин. Качан мөөр даярдатканда чоң мотивация болду. Жаңы идеялар, проекттер пайда болуп, алдыга дагы да умтула баштадым”.