Нишанов Элчибек Бактыбекович жаш экендигине карабай билим берүү тармагында жеке курстардан баштап жеке менчик мектепке чейин бир нече ийгиликтүү бизнестерди баштап, өнөктөштөрү менен чогуу өсүп, жаштардын билимине өтө чоң салым кошуп келишүүдө. Айрыкча азыркы учурда өзу түптөгөн «ТЭНСАЙ» жогорку класстар үчүн мектебин мындан 3 жыл мурун ЖРТ, англис тили, орус тили, ж.б. предметтер боюнча мектеп окуучуларына кызмат көрсөткөн окуу борборун уюштуруу менен баштаган. Баткен шаарындагы бул мектепти ачууга чейин Элчибек окуу борбордун стратегиясын туура пландоо, финансыны жөнгө салуу жана туура башкаруу, окуучулар жана мугалимдер менен туура келишим түзүү сыяктуу маселелерге көп дуушар болгон. Ошол себептен жаш ишкер Баткен ИКБга кайрылууну туура көргөн.

Баткен ИКБнын консультанттары Элчибекке окуу борборун Баткен шаарындагы алдыңкы жана ийгиликтүү борбор болушу үчүн стратегиялык планды иштеп чыгууга көмөктөшүп, финансылык жана бухгалтериялык абалын көзөмөлдөөнү коштоп, кызматкерлер жана окуучулар арасындагы келишимдерди жөнгө салууга жардам беришкен. Андан сырткары Баткен ИКБ консультанттары мектеп үчүн имарат табууга көмөктөшүп, имараттын кожоюну менен туура жана пайдалуу келишим түзүүгө жардам беришкен.

Элчибек Баткен ИКБ менен 3 жылдан бери ийгиликтүү иштешип келет. Бул жылдар аралыгында окуу борбордон жогорку класстардын мектебине чейин айланды. Азыркы учурда 9-10-11-класстын окуучуларын ЖРТга жана чет мамлекеттердин мыкты окуу жайларына өтүү үчүн даярдаган жана ошол окуу жайга өткөнгө чейин толук коштогон (ар бир окуучуга ылайыктуу чет өлкөлөрдөн окуу жайларды издөө, ага сунуш жана башка документтерин даярдоо, тесттен өтүүгө көмөктөшүү ж.б.) Баткен шаарындагы жалгыз мектеп. Мектепти 2022-жылдын сентябрь айында 1 эле класс менен ачууну пландаган болсо, ал эми иш жүзүндө азыркы учурда 6 класс окуп атат. Мугалимдерди даярдоо боюнча оздөрүнүн усулдары бар жана айлык акылары башка жеке менчик мектептерге караганда алда канча жогору. Ошол себептен билимдин сапаты жогору жана Баткен шаарындагы, анын айланасындагы айылдардын жогорку класстарынын арарсында талап жогору мектепке айлана алды.

Баткен ИКБнын консультанттарынын берген кеңештеринен кийин «ТЭНСАЙ» окуу борбору келечекке толук көрүүсү бар, финансысы жана бухгалтериясы жолго коюлган, юридикалык жана кызматкерлер менен болгон келишимдерде кемчилиги жок мектепке айланды. Жаш ишкер мындан ары да Баткен ИКБнын кызматтары менен тынымсыз колдонуп турат.