Ишкердикти Колдоо Борборуна ишкер айым Аида Батырова кайрылып, консультанттардын көмөгү менен ЕККУнун гранттык программага катышкан. Ал "Адис Кен" окуу борборун негиздеп, керектүү жабдыктарды ала алган. Окуу программасына лицензия алуу, каржыны башкаруу, бизнести өнүктүрүү боюнча ИКБ кызматкерлеринен консультация алган Аида айым учурда Баткендин эң мыкты айым ишкерлеринин катарын толуктайт.