Төрт жыл бою Бишкек шаарында кызмат көрсөткөн Нова билим берүү мекемеси 2021-жылы Ысык-Көл облусунда да филиалын ачуу мезгили келгенде жетекчиси Шатманов Каниет Каракол шаарындагы Ишкердикти Колдоо Борборунун адистери менен байланышууну туура көргөн.

Жаңы окуу борборунун иш баштай алуусу үчүн адегенде юридикалык иш кагаздарын толукталышы керек болчу да,  ИКБ юристи мекеменин уставын иштеп чыгып, аны Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекиттирип, Уюмдун юридикалык дареги жана уюштуруучусу өзгөргөндүгүнө байланыштуу юстиция органдарынан кайра каттоо процедурасынан  өткөрүп берген.

Кийинки кадам - муниципалитет менен болгон ижараны нотариалдык түрдө тастыкталып, Кадастр кызматына каттатуу болду. Ар бир жаңы иш тактыкты талап кылат эмеспи. Өрт коопсуздук, санитардык көзөмөлдөө сыяктуу маанилүү корутундулар алынган соң, документтер топтому министрликке тапшырылып, уюм лицензияга ээ болду.

Түзүлгөн стратегия боюнча Нова менен районолор жана горонолор ортосунда ПИСА тестинен өткөрүүнү уюштуруу боюнча меморандумдар даярдалып, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарга каттар даярдалып берилди.

Юридикалык басамактарды өткөндөн кийин маркетингдик багытта бир топ аракеттер жасалып, кыска убакыт ичинде Нова Каракол шаары жана жакынкы райондордун мектеп окуучулары жана абитуриенттери арасында популярдуу билим борбору катары таанылды. 

2021-2022 жылдары ЖРТ курстарында жалпы 900 окуучуну мыкты даярдоодон өткөргөн Нова учурда 10 мугалимге жана репетиторго кызмат ордун камсыздап келет. Борбордун 2021-жылындагы иштетилген акча каражаты 1 500 000 дон ашты. 

Нова борбору 2023-жылы кошумча кабинеттерди ижарага алуу менен ОРТ курстарына катталгандардын санын 1000ден ашырууну пландоодо. ЖРТ даярдоо боюнча облустагы буга чейин алдыңкы орунда болуп келген Секом билим берүү жана өнүгүү борбору менен тең тайлашып, татыктуу конкурент боло алган деңгээлге жетти. 

Бир жылдык тажрыйбасынын негизинде ЖРТ курстарында даярдалган окуучуларынан үч окуучу алтын сертификатка ээ болду. Ал эми ПИСА тесттеринен өткөрүү жана англис тилин тереңдетип окутуу боюнча SAT, IELTS даярдыктарын уюштурган бирден бир уюм болуп эсептелет.