2020-жылдын ноябрында Ысык-Көлдөгү Каракол шаарында өзгөчө концепттеги китепкана ачылган. 2022-жылдын март айында "Дем" окуу залынын негиздөөчүлөрү ЖИА бизнес ассоциациясы аркылуу Ишкердикти Колдоо Борбору менен таанышышкан. Жаңы ачылган социалдык долбоорго юридикалык жана бизнес кеңештер зарыл болгондуктан, дароо консультанттар менен байланышышкан. 

Ишкердикти Колдоо Борборунун консультанттары "Дем" долбоорун абоненттик коштоого алышты да, анын алкагында китепкананын ишмердүүлүгүн каттоодон өткөрүп, жалпы салык режимин тандап, китепканадагы кофейняга өзүнчө патент алынды да кофейня менен китепкана ортосунда келишим түзүлдү.

Негиздөөчүлөрдүн айтуусунда, юридикалык документтерди мынчалык тез жана оңой бүтүрүү алардын оюна да келген эмес, ал эми кесипкөй консультанттын көмөгү менен иш бат аткарылды.