Айым ишкер Жибек Батыркулова 24 жашта.  Ал “Академия кройка и шитья” ишкананасынын негиздөөчүсү. Жибек айым Жалал-Абад облусунда кыздарды тикмечиликке жана бычмачылыкка үйрөтөт. Андан сырткары буюрмага кийим тигүү жаан лекал чыгаруу менен да алектенет. 

Жибек Батыркулованын ишкердикке кызыгуусу жалал-Абад облусуна турмушка чыккандан кийин башталат.  Антикени ал дагы бардык аялдар сыяктуу үйдө отурган убакытта өзун издей баштайт. Натыйжада өзүнүн хоббисин кесипке, сүйгөн кесибин бизнеске айлантып тигүү цехин ачат. 

Тоскоолдуктар жана кемчиликтер. 

Жибек Батыркулованын айтымында бизнести жаңыдан баштоодо ал үчүн эң чоң тоскоолдук маалыматтын жетишсиздиги болгон. Анткени Жалал-Абад шаары ишкер айым үчүн жаңы болгон. Эң алгач эле юридикалык маселелерди түшүнбөстүктөн улам катачылык кеткенин айтат. Андан соң каарманыбыз изиллдеп Ишкердикти колдоо борборуна кайрылат. Натыйжада консультациянын жардамы менен бардык документ иштерин толук кандуу бутүрүүгө жетишкен. 


Ишкердиктеги максаты

Ишкер айымдын негизги максаты окутуу эле  эмес натыйжага көңүл бурууга аракеттенет. Жибек Батыркулова ишкердик айымдар үчүн оңой эместигин айтат. Анткени ишкер айым бир убакытта үй-бүлөсүнө да бизнеске да жетишүүсү оңой эмес. Бирок ага эң чоң мотивация берген анын жанындагы жолдошу, үй-бүлөсүнүн ага болгон ишенимм болгон. Каарманыбыз жаш баласы болушуна карабай бизнести аркалап жатканын өзү сыяктуу айымдарга үмүт берүү болгон. Анын окуучуларынын көпчүлүгү кыздар, жаш келиндер анын ичинде колунда баласы бар жана кош бойлуу келиндер тузөт. Ишкер айым аларга тигүүчүлүктү үйрөтүп айымдар үй-булөсүндө мыкты кожейке дагы коомго дагы салым кошуп, өзүнүн үстүнө иштеп ийгиликке жете алышына үмүт бергиси келет. 

2 жыл аралыгында 160ка жакын кыз келиндерди окутууга жетишкен. Алардын айрымдары бизнес ачка, айрымдары тигүү цехтерде эң эле болбоду дегенде үйүндө жакындары үчүн кийим тигип жатканы каарманыбызды кубандырат. Замандын талабын түшүнгөн айым күн сайын жаңы нерселерди үйрөнүүгө кызыкдар. Ошол эле учурда окуу курсун жана тигүү цехин чоңойтуунун үстүндө тынымсыз изденүүдө.