“Жаркыра” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору – беш баланын энеси Айнура Талипова. Анын учурда кыйла нукка түшүп калган бизнеси албетте кичинекей кадамдардан башталган. Айнура айым Россия Федерациясында эмгек миграциясында болгон жана Кыргызстанга кайтканда социалдык долбоордун алкагында бизнес жүргүзүү боюнча окуудан өткөн.


Ушул эки чоң тажрыйбанын негизинде ишкер клининг кызматын толук кандуу бизнеске айландыруу чечимин кабыл алат. Дал ошол учурда долбоордун уюштуруучулары консультативдик көмөк алуу үчүн Ысык-Көл Ишкердикти колдоо борборуна кайрылууну сунушташкан.


ИКБ Айнура айымдын ишине болгон мамилесине, далалатына баа берип, ар тараптуу колдоого алууну туура көрдү. Адегенде буга чейин ачылган жоопкерчилиги чектелген коомуна мөөр жасатып, коомду салык, соцфонд органдарында эсептик каттоого тургузуп, ЕСИ алууга жана банктан эсеп ачууга көмөктөштү.


Андан соң “Жаркыра” компаниясынын иш кагаздарын ирээтке келтирүүгө багыт алында. Бул үчүн кардарлар менен түзүлө турган кызмат келишимдери, өнөктөштөр  менен биргелешип иш алып баруу үчүн жөнөкөй өнөктөштүк келишимдер, буйруктар, ишеним каттар, өндүрүштүк иш кагаздар, ошондой эле кызмат көрсөтүү белгисин патенттештирүү үчүн документтер топтому түзүлдү.


Ишкер айым тазалык кызматын гана көрсөтпөстөн, башка аялдарга да жумуш ордун камсыздоо, аталган жаатта бизнес алып барууга үйрөтүүнү да кыялданып келген. Бул үчүн ИКБ  юристи менен бирге коомдун уставы билим берүү мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты да, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан лицензия алууга документтер топтолуп, азыр эми “Жаркыра” - окутуу борборуна да айланды.


 “Жаркыра” клининг компаниясы бир жылдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгында өзүнүн тармагы боюнча облустагы эң алдыңкы професионалдуу, таанымал, ишеничтүү компания болууга жетишти. Бүгүнкү күндө ал Караколдо гана иш алып барбастан, Ысык-Көл облусунун беш районунда беш өкүлчүлүк ачып, жеке жана юридикалык жактарды, мекемелерди тейлейт. Сезонго жана талапка жараша бардык филиалдарында жалпысынан отузга жакын кызматкер эмгектенет.


Учурда Айнура айым Бишкектин аталган тармактагы компаниялары менен иштеше баштады. Клининг кызматынан сырткары адистерди даярдоо ишмердүүлүгүн да натыйжалуу жүргүзүп жатат.


Облустагы башка компаниялар “Жаркыра” менен кызматташууга кызыктар болуп келишүүдө. Жакынкы келечекте облустагы өнөктөштөрү менен бирге аталган тармакты өнүктүрүү жана көйгөйлөрүн чечүү максатында юридикалык жактардын бирикмеси болгон ассоциация ачууну көздөөдө.



 Айнура Талипова “Жаркыраны” өз тармагындагы брендге айландырып, франшизасын сатуу менен киреше көрүүнү да пландап жатат.