Таңсулуу Арстанбекова кесиби боюнча мугалим, тарбиячы. Орто билимдүү,  учурда жогорку окуу жайда окуп жатат. Ал дагы башка айымдар сыяктуу эле ишкердикти  үйдө бала менен отурган убакытта өзүн өнүктүрүү, жумуш менен алектенүү, каражат табуу жана замандан артта калбоо үчүн баштаган. Ишкердик багытында тренингде колдо бар нерселерден бизнес баштоо идеясын алган каарманыбыз жолдошу алектенген кургатылган жемиштерди таңгактап онлайн сатууга кадам таштайт.

 “Биз баштаганда бул багытта ишкердик менен алектенгендер аз болчу. Башында бул өтө кымбат, ким алмак эле дегендер дагы болду. Бирок мен документ алып баштап, ошол баштаган ишимдин аягына чыкканга аракет кылдым. Балам кичинекей болуусуна карабай кайненем айдоочу болуп, мен дүкөндөргө кирип чыккычакты баламды карап, ысыкта, суукта көп түйшүктүү күндөр өттү. Мен 10 киши жашаган чоң бүлөнүн келинимин. Албетте, мунун баары оңой эмес. Мен жолдошум, үй-бүлөм колдоо көрсөтпөсө баштай алмак эмесмин деп ойлойм. Азыр карасам түйшүктүү жолдор артта калыптыр”. – дейт ишкер айым.

Таңсулуу Арстанбекова Ишкердикти Колдоо Борборунун (ИКБ) 2 жылдык кардары. Ал борборубуздун бизнес-консультанты Султан Рахмановдун маркетинг, бизнес план багытындагы окуусуна катышкан. Ал жеке ишканасынын ачылуусунда ал окуулардын орду чоң экенин айтат. Ошондой эле борборубуздун сунушу менен Түндүк Македонияда өткөн “Сырткы инновация жана ишкердик: ЕККУ аймагында туруктуу келечекти түзүү” аталышындагы жаштар форумуна да катышкан. Ал форумга катышууда презентация жасоо, товарын анализдөө, сунууга борбордун консультанты Султан Рахманов жардам берген.

“Данек Мир” кургатылган жемиштерди таңгактап ар түрдүү витаминдерди балга аралаштырып  даярдоо менен алектенет. Учурда Таңсулуунун колунда 4 кызматкер иштейт. Ачылганына 2 жыл болгонуна карабай ишкер айым өзүнүн жеке ишканасын жана дүкөнүн ачты. Ал мындан ары да цехин чоңойтууну, жумуш орундарын түзүүнү, продукцияларынын санын көбөйтүп жайылтууну пландоодо.