Адылбек Умаров “Ак Кеме” курулуш компаниясында көп жылдан бери эмгектенип келет. Буга чейин компания көп кабаттуу үйлөрдү куруу, сатуу менен алектенсе акыркы жылдары коммерциялык имараттарды куруу жана ижарага берүүгө басым жасоодо. Компаниянын бул багытка келүүсүнө Ош шаарында соода кылуунун жаңы маданиятын калыптандыруу максаты турат. 

Компания карларларга жагымдуу шарттарды түзүү үчүн 2022-жылы биринчи жолу “Ак Кеме” соода борборун ачып ижарага берет. Борбордун негизги максаты соода кылууда базарларда, суукта, ысыкта эмес кардар үчүн да, сатуучу үчүн да жагымдуу атмосферада ишке ашырса болот деген концепциянын негизинде иштеп чыккан. 

“Биз “Ак Кеме” соода борборун курганда коомчулукта түрдүү ойлор айтылган. Кээ бирөөлөр шаардын так ортосуна заманбап соода борбор керек десе, кээ бирөөлөр мындай долбоорлор курулуп ийгиликтүү ишке ашпай калган учурлар болгонун айткан. Биз ага карабай так максат менен аракет кылып бул долбоорду ийгиликтүү ишке ашырдык. А “АвтоЯ” унаа борбору дал ушул концепциянын уландысы десек болот. Унаа алууда, унаа үчүн тетик алууда шаардын четине чыгып убара болбой бардыгын бир жерде жагымдуу шартта аткаруу”. – дейт Адылбек Умаров. 


“АвтоЯ” унаа борбору жөн гана унаа борбор эмес. Бул көп функциялуу кардарларга Адан Яга чейин кызмат көрсөткөн жаңы формат. Борбор Ош шаарына унаа соодасындагы жаңы стандарт жана инновациялык чечимдерди сунат.

Потенциалдуу сатып алуучу менен таанышуудан баштап, жаңы жана колдонулган унааларды сатып алууга чейин, тетиктерди сатып алуу, тейлөө кызматтары жана бардык сапат стандарттарын камтыган жер болуп эсептелет.

Адылбек Умаров Ишкердикти Колдоо Борборунун (ИКБ) бизнес-консультанты Султан Рахмановго эң алгач долбоордун концепциясын, идеясын айтып анализ жүргүзүү боюнча кайрылган. Курулуш иштери башталган соң  бизнес-консультант тарабынан маркетингдик алдыга жүргүзүүгө план түзүлгөн. Ал пландын негизинде сатуу иштерин жүргүзүү үчүн бизнес-консультант Ош облусунда өткөн жылдын ири “Көчмөн Бизнес аянтча 2023” иш-чарасына катышууга жардам берет. Ал иш-чарада 400 дон ашуун орто жана ири бизнестин окулдору катышып жогорку даражада өтөт . “АвтоЯ” компаниясы иш-чаранын башкы демөөрчүсү катары, баардык промо мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, өзү жөнүндө кенен жарыялайт. Комерциялык авто имараттарды сатууда эн негизги көрсөткүч – ишеним. Ошондуктан “АвтоЯ”нын негизги максаты, өткөрүлгөн иш-чарага бардык болочок өнөктөштөрүн чакыруу болчу. Унаа борборунун негиздөөчүлөрүн расмий турда ачык жарыялагандан кийин жана пландарынын масштабын көрсөткөндөн  кийин, ишкерлер менен болочок кардарларда ишеним жана сатып алуу ниети пайда болду.    

Жыйынтыгында Адылбек Умаровдун жетектөөсүнүн алдындагы “АвтоЯ” компаниясы ал иш-чаранын алкагында атайын сунуш даярдап, комерциялык имараттарды акция менен арзан баада берип, жалпы суммасы 1 млн 700 миң долларды түзгөн 50 дөн ашуун жергиликтүү жана кошуна  Казакстандан келген ишкерлер менен келишим түзүлөт. 

Компанияга негизги эки тармакта пайда  көрдү: 1. Рынокто жаны компания боюнча масштабтуу маалымат компаниясын жүргүзүү. 2. Комерциялык имараттардын биринчи сатуулардын камсыздоо.