Элиза Аттокурова кесиби боюнча психолог. Ал 10 жыл педагогика багытында алектенген. Анын бала бакча ачуу кыялы балдарга болгон сүйүүсү, бала тарбиялоо, алтын муунду жетиштирүү мүдөөсүнөн улам келип чыккан. Жыйынтыгында 10 жылдык тажрыйбанын негизинде «Илимтай» бала бакчасын негиздеген.

«Илимтай» бала бакчасы Ош шаарында жайгашкан кыргыз тилдүү бала бакча. Учурда бала бакчада 6 кызматкер эмгектенип, 40 бала тарбияланып келет. Бала бакчада орус жана англис тилдери тереңдетилип окутулат.

«Ишкердик баштоодо коркпоо маанилүү экен. Албетте, башында көп кыйынчылыктар болот. Ошол кыйынчылыктарда туруктуулук, сабырдуулук көрсөтүү менен алдыга умтулган гана алып кете алат деп ойлойм. Дагы бир маанилүү нерсе ишкердикте консультация алуу маданияты. Биз консультация алуу аркылуу жакшы ийгиликке жете алабыз деп ойлойм. Айрыкча ишкердиктин башында ишкердик мыйзамдуу болуусу үчүн юрист менен кеңешип иш алып баруу туура. Жумушубуздун (ишкердиктин) мыйзамдуу нукта экенин билүү алдыга коркпой умтулуубузга себеп болот» – дейт ишкер айым.

Элиза айым бала бакча ачкандан тартып эле бухгалтерия, юридика багытында билими болбогондуктан көп кыйынчылыктар болгонун айтат. Ал ошол себептүү ишкердүүлүгүн мыйзам чегинде жүргүзүү үчүн Ишкердикти Колдоо Борборунун (ИКБ) юрист-консультанты Абдибакыт Курбановго кайрылган. Биздин юрист аталган бала бакчага барып, ишкердигин укуктук аудиттен өткөрүп, ишкерге төмөнкү багыттарда маалыматтар (консультациялар) берилди:

  • Уюмдун отчетторун (салык, соцфонд) убагында бербегендик жана төлөмдөрдү төлөбөгөндүк үчүн Укук бузуу кодексине ылайык жоопкерчиликтер (айып пул, санкция, туум ж.б.) тууралуу маалыматтар берилди;
  • Уюмдун ишкердик жүргүзгөн имаратына корутунду ала билүү үчүн имараттын максаттуу багытын өзгөртүү жана анын жол жоболору тууралуу маалыматтар берилди;
  • Ишкерге аталган ишмердүүлүктү башка укуктук формасы болгон ИП күбөлүктүн негизинде жүргүзүү жана анын жол жоболору, преференциялары (салык салуу, турак жайды пайдалана билүү, кызматкерлерди патенттин негизинде жумушка ала билүү, ж.б.) тууралуу маалыматтар берилди;
  •  Ишкердикти бирдиктүү салык режиминин нөлдүк ставкасы боюнча иш алып баруу боюнча кеңеш берилди;
  • Мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө ишкердик ишти өнүктүрүү жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну көбөйтүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык ИПнын негизинде турак жайга корутундуларды алуу жана анын жол жоболору боюнча кеңештер берилди;
  • Жеке ишкерлер тарабынан турак жайларда көрсөтүлүүчү мектепке чейинки билим берүү кызматтарын уюштурууда балдардын болуу шарттарынын коопсуздугу боюнча МИНИМАЛДУУ САНИТАРДЫК жана ӨРТ КООПСУЗДУК ТАЛАПТАР тууралуу маалымат берилди.

Ошону менен бирге ишкердик коштоого алынуу менен ЖЧКнын ордуна ИП күбөлүк алынып, ишкердиктин ички документациясы (буйруктар, келишимдер, өндүрүштүк документтерж.б.) ИП күбөлүктүн негизинде жол жоболоштурулду. ИП күбөлүк бирдиктүү салык режиминин нөлдүк ставкасы боюнча ачылды. 2 (эки) кызматкерге патент алынды. Учурда ишкердик расмий башталып отчеттор берилип жатат. Тийиштүү корутундуларды алуу үчүн санитардык жана өрт коопсуздук талаптарды аткаруу боюнча аракеттер жүргүзүлүп, ыйгарым укуктуу органдарга кайрылуу каттары (керектүү документтери менен бирге) даярдалып тапшыруу планында турат. Ишкердиктин жобосу,  ички тартип эрежелер даярдалды.