Маркетингдик колдоо жана бизнести илгерилетүү 

Биз ишкерлерге сатуу жана илгерилетүү тутумун нөлдөн баштап натыйжалуу курууга, ошондой эле иштеп жаткан бизнес-процестерди оптималдаштырууга жардам беребиз. Биздин ишмердүүлүк төмөнкү негизги багыттарды камтыйт:

  • Анализ-талдоо: Кардардын учурдагы маркетингдик ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзөбүз. Илгерилетүүнүн күчтүү жана алсыз жактарын баалап, бренддин жергиликтүү рыноктогу ордун талдайбыз жана өсүш чекиттерин аныктайбыз.

  • Актуалдуу жарнама каналдарын тандоо: Бизнестин өзгөчөлүгүнө (тейлөө чөйрөсү, өндүрүш же ритейл) жараша эң натыйжалуу жарнама куралдарын тандап беребиз. Кардарларга Instagram'дагы таргетинг жана SMM куралдарынан баштап, аймактык ТВ, Радио жана жергиликтүү блогерлер менен иштешүүгө чейинки текшерилген чечимдерди сунуштайбыз.

  • Мазмун-планды (контент-план) жана сатуу куйкумун (воронка продаж) иштеп чыгуу: Бизнес-аккаунттарды туура таңгактоого көмөктөшөбүз. Жазылуучуларды реалдуу кардарларга айландыруучу кадамдык стратегияларды, контент-пландарды жана сатуу воронкаларын иштеп чыгабыз.

  • Бюджеттөө жана стратегиялык пландаштыруу: Кардардын каржылык мүмкүнчүлүктөрүн так аныктап, каалаган бюджетке ылайыктуу жеке маркетингдик план түзөбүз. Пландаштырууда бизнестин узак мөөнөттүү максаттарын, сезондуулукту жана жарнама кампанияларынын натыйжалуулугун (ROI) жогорулатуу үчүн оптималдуу мөөнөттөрдү эске алабыз.

  • Ишенимдүү адистердин базасын сунуштоо (B2B-нетворкинг): Кардарларыбыз менен өзүбүздүн текшерилген жана ишенимдүү адистердин актуалдуу байланыш базасы менен бөлүшөбүз. Ар кандай татаалдыктагы милдеттерди аткаруу үчүн кесипкөй SMM адистери, дизайнерлер, маркетологдор, алдыңкы полиграфиялык борборлор жана ивент-агенттиктер менен түз байланышууга көмөктөшөбүз.