ВСП +
Европа Биримдигинин Жалпы преференциялар тутуму (ЖСП+).
2016-жылдын 27-январында Европа Биримдигинин Комиссиясынын Кыргыз Республикасына ЖСП+ схемасын колдонуучу макамын берүү жөнүндө токтому күчүнө кирген. Бул макамды алуунун негизги максаты — кыргыз товардарынын ЕБ өлкөлөрүнө экспортун илгерилетүүгө көмөктөшүү, эл аралык соода тутумуна интеграцияланууну күчөтүү, ошондой эле өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жана анын эл аралык имиджин жогорулатуу болгон.
ЖСП+ сатып алуу жөндөмдүүлүгү жогору, калкы 450 миллионго жуук болгон ЕБдин 27 өлкөсүнүн рыногуна преференциалдык (жеңилдетилген) шарттарда чыгуу мүмкүнчүлүгүн берет. ЖСП+ алкагында кыргыз товардарына берилүүчү 6200 товардык позицияга (бардык товардык номенклатуранын 66%ы) бажы жеңилдиктери бажы алымдарына кеткен чыгымдарды кыскартуунун эсебинен каражаттарды олуттуу үнөмдөөгө алып келет.
Мындан тышкары, бул схема өткөрүүчү преференциалдык рынокторду кеңейтүү жана өлкөнүн адам укуктары, эмгек жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы эл аралык конвенциялардын талаптарын сактаган мамлекет катары имиджин жогорулатуу аркылуу анын инвестициялык жагымдуулугун жана таанылуусун арттырат.
ЖСП+ преференцияларына кирген товардык позициялар товарлардын кеңири спектрин камтыйт, алардын катарына, мисалы, мөмө-жемиштер/жашылчалар, кургатылган жемиштер, текстиль продукциясы, мал чарба продуктулары, тамак-аш азыктары жана химиялык продукциялар кирет. ЕБге багытталган кыргыз экспортунун негизги беренелери төмөнкүлөрдү түзөт: төө буурчак, бал жана аары чарбасынын продукциялары, кийизден жасалган буюмдар, тигүү жана текстиль буюмдары, козу карындар, дары-дармек сырьелору (мумиё, БАДдар), алма, табигый майлар (жаңгак, бадам майлары), кургатылган буурчак жашылчалары, тамеки сырьесу жана тамеки калдыктары, гүл уруктары, түстүү металлдардын сыныктары жана калдыктары, ошондой эле уучулук олжолору.
Белгилей кетүүчү нерсе, товарлардын стандарттарына (сапатына) коюлган талаптар мурдагы бойдон калат, б.а. ЖСП+ тарифтүү гана преференцияларды (жеңилдиктерди) камсыз кылат.
Тиркемеде сизге ЖСП+ режимине кирген продуктулардын тизмесин, бул режимди жөнгө салуучу Европа Биримдигинин регламентин, ошондой эле ЖСП+ боюнча брошюраны жөнөтөм.
Алып келинген продукцияга коюлган талаптарды көрүүгө мүмкүн болгон ЕБдин сайты (жаңыланган Access2Markets порталы): https://trade.ec.europa.eu/access-to-markets/
Мындан тышкары, кыргыз продукциясын ЕБ рыногуна экспорттоо боюнча пайдалуу аналитикалык материалдарды Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин мамлекеттик экспорттук порталынан төмөнкү шилтеме аркылуу таба аласыз: https://export.gov.kg/