Кишимжан Кубатбек кызы, Ош облусунун  Алай районунда төрөлгөн. Айым ишкер кичинекейинде сот тармагында  иштөөнү кыялданган. Кесиби боюнча англис-испан тилдери боюнча котормочу. Учурда бул багытта магистратурасын окуп жатат. Жаш кезинен үй-бүлөсүнө жардам берүү максатында базарда сатуучулук менен алектенген. Каарманыбыз 22 жашында Kiki клининг компанияны негиздеген. Учурда ондогон кыз-келиндер менен чогуу ай сайын 100дөн ашуун кардарларын тейлөөдө.

Кызмат көрсөтүү тармагы татаал тармак. Бул багытта тажрыйба болбой бизнес баштоо канчалык деңгээлде оор болду? 

“Кызмат көрсөтүү тармагы эң татаал тармак. Бирок ошентсе дагы менде кардарлар менен сүйлөшүү кыйын болбоду. Себеби бул багытты өзүм кызыгып тандап алдым. Жумушумду сүйүп аткардым. Мендеги эң чоң кыйынчылык кадр даярдоо, алуу маселесинде болду. Себеби көпчүлүк жумуш издегендердер туруктуу эмес убактылуу жумуш издейт экен. Биз улам жаңы кадр алып даярдаганда кайра жаңыларды алып үйрөтүүгө туура келет. Ошондуктан мен эң көп ушул багытта кыйынчылыктар болду деп эсептейм".


Өзүңүз тил багытында билим алып бир канча тилдерди билет экенсиз. Ишкердикте тил билүүнүн кандай артыкчылыктарын  айта аласыз?

Тил билүү эч качан ашыкчалык кылбайт. Мен англис тилин билгеним үчүн бизге англис тилдүү кардарлар да кайрылган учурлары болот. Мен Испаниянын Кадис шаарынын  Кадис университетинде мобилдүүлүк программасы менен бир семестр окуп келдим. Тил билүүнүн өлкө сыртында эле эмес, өлкө ичинде да кайсы гана багыт болбосун мааниси жана орду чоң.



Ишкердикте чыдоо маанилүү... 

Мен алгачкы жолу бизнес баштаганда чөнтөгүмдө эч нерсе жок болчу. 1 000сомду бирөөдөн карызга алып ага тазалоочу каражат сатып алып апамдын чаң соргучун алып алгачкы кардарга кызмат көрсөткөнбүз. Ишкердикте тобекелчилик жана кыйынчылыктарга, тоскоолдуктарга чыдоо маанилүү экен. 


Кишимжан Кубатбек кызы 2023-жылы Ишкердикти Колдоо Борборунун (ИКБ) Оштогу бизнес-консультанты Султан Раймановго консультация алуу максатында кайрылган. Ал консультациялардын негизинде атайын маркетинг, финансы тууралуу маалыматка ээ болуп эл аралык уюмдарга план жазып техникалык грант утуп алган. Жыйынтыгында каарманыбыз заманбап аппараттардын негизинде учурда компаниясын кеңейтип кардарларын көбөйтө алды.