Бизнестин эң маанилүү 4 тармагы боюнча КРнын 4 багыттагы мыкты эксперттеринен билим алуу, жергиликтүү ишкердиктин мисалында бизнести глобалдык жактан карап көрүү, эң маанилүүсү каалаган убакытта, каалаган жерден акысыз үйрөнүү мүмкүнчүлүгү.

Мунун баары онлайн Mini MBA тууралуу.

MBA жөнүндө дагы эмнени билүүңүз керек? Келиңиз, жакындан карап көрөлү.

Онлайн Mini MBA деген эмне? 

Mini MBA кыска убакытта онлайн окууга ынгайлашкан MBA (Master of Business Administration) окуу программаларынын кыскартылган варианты.  Программа бизнес жана бизнес-процесстер жөнүндө киришүү түшүнүгүн берет. Ал башкаруунун негизги көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган жана башкаруунун конкреттүү практикалык ыкмаларын колдонууга ылайыкташкан. 

Онлайн Mini MBA канча модулдан турат?

  • Стратегиялык менеджмент
  • Кызматкерлерди башкаруу
  • Каржы менеджменти
  • Маркетинг жана сатуу
  • Эл аралык маркетинг

Курсту канча убакытта окууга болот? 

Курс 17 сааттык эң пайдалуу бизнес-маалыматты, түшүнүктөрдү жана практикалык көндүмдөрдү камтыган 169 видео сабактан турат.

Курс материалды өздөштүрүү үчүн көп убакытты талап кылбай тургандай түзүлдү. Бир видеонун орточо узундугу 6 мүнөт 2 секундду түзөт.

Бул курс сизге: 

  •  Кантип ийгиликтүү бизнес баштоо жөнүндө
  • Сиздин бизнестин натыйжалуулугун жогорулатуу 
  •  Сатууларды көбөйтүү 
  •  Чыгымдарды оптималдаштыруу
  •  Мүмкүнчүлүктөр тууралуу көз карашыңызды кеңейтүү
  •  Өзүңүздүн жана кызматкерлериңиздин компетенттүүлүгүн жогорулатуу
  • Жана бизнесиңизди жүргүзүү үчүн жаңы технологияларды ишке киргизүүгө багыт берет.