14-15-май күндөрү Баткен шаарында Ишкердикти Колдоо Борбору менен кызматташтыкта ЕККУнун Программалык кенсеси тарабынан уюштурулган «Тынчтык жана чек ара аймактарынын туруктуу экономикалык өнүгүүсү үчүн аялдардын лидерлиги» аттуу Регионалдык форум өтөт.

Талкуунун негизги темалары:

- аялдардын ишкердиги;

- чек аралык соода;

- экономикалык туруктуулук;

— чек ара аймактарындагы аймактык кызматташтык.

Ишкерлер үчүн форум төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт:

• бизнес жана өнөктөштүк боюнча жаны мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат алуу;

• каржылоо жана колдоо программалары менен таанышуу;

• чек ара аймактарындагы ийгиликтүү бизнес кейстерди угуу;

• аялдардын ишкердигиндеги заманбап тренддер тууралуу билүү.

Форумга Zoom аркылуу онлайн гана катышууга болот. 

Программа менен таанышуу үчүн төмөндөгү шилтеме аркылуу кириңиз:

Программа менен таанышуу