Кесиптик квалификацияны жогорулатуу программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын беш облусунун Ишкердикти колдоо борборлорунун юрист-консультанттары тажрыйба алмашуу, ишкердик ишти укуктук коштоонун заманбап ыкмаларын изилдөө жана практикалык көндүмдөрдү өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын бир катар министрликтерине жана ведомстволоруна барышты.
Иш сапардын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуулар болуп, анда мыйзамдарды өркүндөтүү, ишкердик субъекттерине мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү, бизнес-климатты жакшыртуу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, ошондой эле бизнестин кайрылууларын кароодо ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү механизмдери боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.
Ишкердик ишти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды практикада колдонуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү укук колдонуу практикасынын тажрыйбасы менен бөлүшүп, жакында кабыл алынган ченемдик укуктук актыларды ишке ашыруунун өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүштү, аларды колдонууда келип чыккан эң көп кездешкен суроолор жөнүндө айтып беришти, ошондой эле укуктук кырдаалдарды чечүүнүн практикалык мисалдары менен тааныштырышты.
Өткөрүлгөн жолугушуулардын жыйынтыгында катышуучулар ишкерлерге юридикалык кеңеш берүү, административдик, салыктык, эмгек, жер жана башка мыйзамдардын ченемдерин колдонуу, ошондой эле ишкердик субъекттеринин кайрылууларын кароо боюнча баалуу практикалык билимдерди жана көндүмдөрдү алышты. Алынган компетенциялар региондордо ишкерлерге көрсөтүлүүчү укуктук жардамдын сапатын жогорулатууга жана практикада мыйзамдардын бирдей колдонулушун камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Тажрыйба алмашуу программасы Ишкердикти колдоо борборлору менен мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөө үчүн натыйжалуу аянтча болуп калды, юрист-консультанттардын кесипкөйлүк деңгээлин жогорулатууга жана ишкердик чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын ишке ашырууда бирдиктүү укук колдонуу практикасын калыптандырууга өбөлгө түздү.