Кыргызпатент Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Бизнес-билим берүү борбору менен биргеликте сиздерди 2024-жылдын 19-апрелинде өтө турган “Товардык белги – компаниянын визиттик картасы” аттуу чакан жана орто ишканалар үчүн тренингге чакырат.

‼️ Тренинг учурунда сиз төмөнкүлөрдү үйрөнөсүз:
✅ Соода белгисин кантип компаниянын активине айландырууга болот?
✅ Каталардын алдын-алуу менен товардык белгини кантип ийгиликтүү каттаса болот?
✅ Кандай учурда жана эмнеге товардык белгини чет өлкөдө каттоо зарыл?
✅ Товардык белгиге укуктарды кантип өткөрүп берүүгө же алууга болот?
✅ Эгерде сиздин товардык белги башка компания тарабынан мыйзамсыз колдонулса, кандай чараларды көрүү керек?
✅ Башка компания соода белгисин каттатып алса кантип акыйкаттыкка жетүүгө болот?

🎯 Кимдерге арналган:
Чакан жана орто бизнестин жетекчилери жана ээлери, маркетинг жана экспорт боюнча адистер, ошондой эле компаниялардын административдик кызматкерлери.

‼️ Тренингге Кыргызпатенттин өнөктөштөрү, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлү, Кыргыз Республикасынын патенттик ишенимдүү өкүлү жана Кыргызпатенттин эксперттери тартылды.

📒 Курсту аяктагандан кийин Кыргызпатенттен жана Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынан сертификат берилет.