Саадат Мамасалиева: “Бала бакча ишкердигин жүргүзүү үчүн, сабырдуулук, изденүү, жаңылануу, тынымсыз эмгек жана балдарга болгон сүйүү зарыл”

Саадат айым – 40 жаштагы беш баланын энеси жана кесиби боюнча мугалим. Саадат айым өз ишмердүүлүгүн бала бакчада англис тили мугалими катары баштаган. Убакыттын өтүшү менен  балдар менен иштешүү анын чыныгы шыгы жана кызыгуусу экенин түшүнүп, бул жумушка тереңирээк көңүл буруп баштаган. Бүгүнкү күндө ал "Жоогазын" бала бакчасынын директору жана алдыңкы ишкер айым катары өз тармагында үлгү көрсөтүүдө.
 
 
Саадат айымдын айтымында, "Жоогазын" балдар бакчасы башка мекемелерден сапаттуу тамактануу жагынан айырмаланат : “Биз балдарга дрожсуз, табигый ачыткы менен нан даярдап беребиз”.

Мындан тышкары, бала бакча заманбап билим берүү ыкмаларын колдонууга өзгөчө басым жасайт. Монтессори методунун негизинде иштеген атайын STEAM кабинети балдардын чыгармачыл жана илимий ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө багытталган. Бул жерде балдар сабак учурунда тема боюнча оюнчуктарды колдонуп интеграция кылышат.

“Лего Эдукейшн” билим берүүчү пазл аркылуу балдардын оюн бир жерге чогултууда жана турмушта бат чечим кабыл алуусуна шарт түзөт. Робот программалоо сабактары балдарга технология менен иштөөнү үйрөтүп, логикалык ой-жүгүртүүсүн жакшырат.

Ишкер айым 2022-жылы ЕККУ жана Ишкердикти колдоо борбору тарабынан уюштурулган “Жалал-Абад облусундагы айымдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” долбоорун катышканю. Окутуу курсунун негизинде ал ишкердик ишин өнүктүрүү үчүн бизнес план түзгөн жана программадан бир учурда 100 балага тамак даярдоого ылайыкталган электр мешин алууга жетишкен.

Саадат Мамасалиева Ишкердикти Колдоо Борбору (ИКБ) менен төрт жылдан бери тыгыз кызматташып келет. Борбордун юрист-консультанты Ильяс Жусуев анын ишкердиктеги юридикалык маселелерин натыйжалуу чечүүгө чоң жардам берди. Саадат айым келишимдерди түзүү, укуктук документтерди даярдоо жана башка юридикалык маселелер боюнча дайыма кеңештерди алып турат.   

Саадат Мамасалиеванын мисалы айыл жергесинде да ийгиликтүү жана жаңычыл ишкердикти жүргүзүүгө мүмкүн экенин далилдейт. Анын ар бир кадамы сабырдуулук, тынымсыз изденүү жана балдарга болгон чексиз сүйүүгө негизделген. Бала бакчасынын өзгөчө мамилеси жана сапаттуу иши анын айланасындагы коомчулуктун ишенимин жана колдоосун арттырууда.