Нурзада айым:- “Ишкердикти баштоо чыдамдуулукту, сабырдуулукту, кесипкөйлүктү, талыкпаган изденүү менен эмгекти жана мамиле куруу көндүмдөрүнө ээ болуу,  жана жоопкерчиликтүү болуу керектигин көрсөттү”

Нурзада Райымкулова - алыскы климаттык шарты катаал, экономикалык рынокко чыгууга алыстыгы, жолдун катаалдыгы, дагы башка шарттары менен жеткиликтүүлүк азыраак болгон, тоолуу район, Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районунан жеке айылдык айым ишкер 

Нурзада айым жашы 27 жашта, үй-бүлөлүү 2 баланын энеси. Кесиби боюнча театр жана кино актрисасы. Каарманыбыз дагы башка айымдардай эле декреттик өргүүдө отуруп жолдошуна материалдык жардам көрсөтүү максатында ишкерлигин баштаган.

Учурда кондитердик азыктарды өндүруп, өзү жашаган аймакта магазиндерге таратып келет.

Ишкер айым, Ишкердикти колдоо борборунун эки жылдык кардары.


 Ишкердикти колдоо борборунун “Айым ишкерлердин экономикалык абалын жакшыртуу”  долбоордук сынагына катышып, тандалып, бизнес көндүмдөр окутуулардан өтүп, бизнес идеясын жогорку деңгээлде жактап, жабдууларды сатып алуу үчүн 200 000 сомдук грант алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Борбордун консультанттарынын  коштоосунда ишин баштап, учурда пряниктин 3 түрүн өндүрүп, Казарман айылындагы 9 азык-түлүк дукөнүнө жеткирип берет.

“Мындай колдоо жана насаатчылыктын аркасында алдыга койгон максаттарыбызга жетип, ишкердик идеябызды ишке ашырууга жана аны туруктуу өнүктүрүүгө, ишибизди кеңейтүүгө, продукциялардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга шарт түзүлдү.

Ар бир айымга айтаарым, ийгилик сиздин кадамыңызда!”