📌15-декабрь “Жалал-Абад облусундагы айымдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” долбоорун ийгиликтүү аяктаган 17 айым ишкерге грант алуу үчүн сертификат тапшыруу аземи болуп өттү.


✅Сертификат алган 17 ишкер айым 135 миң сомго чейин накталай эмес материалдык колдоо алышат.


✅Буга чейин айымдар 3 күндүк окууда бизнести пландоо, финансылык менеджмент, маркетинг, товарларды жана кызматтарды алдыга жылдыруу боюнча окуудан өтүшкөн.

📊Жыйынтыгында ар бир катышуучу өзүнүн бизнесине грант тартуу үчүн планын презентация кылган жана жеңүүчүлөр материалдык колдоого мүмкүнчүлүк алган. Учурда материалдык колдоолорду жеткирип берүү иштери жүрүп жатат.


🤝Гранттык программа Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин “Чакан жана орто бизнести колдоо аркылуу экономиканы калыбына келтирүүгө көмөктөшүү” долбоорунун алкагында JIA Бизнес-ассоциациясы жана Ишкердикти Колдоо Борборлору (ИКБ) менен өнөктөштүктө Жалал-Абад жана Ысык -Көл облустарында ишке ашууда.