12-ноябрь Бишкек шаарында Аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү форуму болуп өттү.
Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас жана Ысык-Көл облустарынан келген ишкер айымдар ЕККУнун 2020-2024-жылдарга карата Кыргызстанда ишкерликти өнүктүрүүгө багытталган демилгелеринин таасирин белгилеп, ийгиликтери менен бөлүшүштү.
Мамлекеттик өнөктөштөр, бизнес-эксперттер жана консультанттар кошулуп, реалдуу мисалдарды, маркетинг, жеке брендингди жана экономикалык өсүштү камсыз кылууда аймактык Ишкерлерди колдоо борборлорунун маанилүү ролун талкууладык!