Бүгүн “Ош облусу боюнча айымдардын экономикалык мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү” гранттык программасынын алкагында  аймактагы 17 ишкер айымга атайын гранттык негизде берилип жаткан техникалык каражаттардын сертификаттары тапшырылды.


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУнун) Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык колдоосуна алынып, Ишкердикти Колдоо Борбору тарабынан уюштурулган программанын жыйынтыгында ар бир ишкер айым өз багыттары боюнча долбоорлорун, атайын түзүлгөн комиссияга презентация негизинде айтып көрсөтүп беришкен жана коммисиянын тандоосунун жыйынтыгында аларга өздөрүнө керектүү 200 000 сомго бааланган техникалык каражаттар алынып берилүүдө. 


Аталган долбоордун башында Ош облусу жана шаарда ишмердүүлүк жургузгөн 30 айым сынактын негизинде кабыл алынып, аларга бизнес, каржы, ПР багыттарында окутууларда уюштурулган. Жыйынтыгында 30 айымдын 17не комиссиянын тандоосуна ылайык 200 000 сомго баалаган техникалык колдоо көрсөтүлүп жатат. 


Аймактардагы кичи жана баштапкы бизнестеги ишкер айымдарды колдоо багытында уюштурулган долбоор Кыргызстандын Ош жана Талас облустарында өткөрүлдү.






🤝Ишкердикти Колдоо Борбору (ИКБ) JIA Бизнес-ассоциациясынын @jia.kg демилгеси жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин @oscebishkekтин каржылык колдоосу менен өлкөдө чакан жана орто бизнести өнүктүрүү аркылуу экономикага салым кошуу максатында Баткен, Ош, Талас, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында ишмердүүлүк жүргүзүүдө.


____

ИКБ – сиздин бизнесиңиздин өнүгүүсү үчүн!


Биздин сайт: www.ishker.kg

Телеграм: https://t.me/ikb_cpp