1-октябрь “Талас облусундагы айымдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” долбоорунун жеңүүчү 14 айым ишкерге 200 000 сомго чейинки грантка сертификат тапшыруу аземи болуп өттү.

Жыйынтыгында айым ишкерлер жыл ичинде 200 000 сомго чейинки суммага накталай эмес жабдууларга ээ болот.

Гранттык программа ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси тарабынан каржыланып “Чакан жана орто бизнести колдоо аркылуу бизнести өнүктүрүүгө көмөктөшүү” долбоорунун алкагында JIA Бизнес Ассоциациясы жана Ишкердикти колдоо борбору (ИКБ) менен биргеликте ишке ашырылууда.


Программанын максаты – Талас облусундагы ишкер айымдарга финансылык эмес колдоо көрсөтүү аркылуу айымдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө көмөк көрсөтүү.
_____________________

📊Ишкердикти Колдоо Борбору (ИКБ) Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык колдоосу менен JIA Бизнес-ассоциациясы тарабынан өлкөдө чакан жана орто бизнести өнүктүрүү аркылуу экономикага салым кошуу максатында Баткен, Ош, Талас, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында ишке ашырылууда.