Нарын: Урматтуу Нарын облусунун ишкерлери!

 Ишкердикти Колдоо Борборунун (ИКБ) Ысык-Көл облусундагы консультанттары сиздерди эки күндүк акысыз тренингине чакырат! 🚀

Бул тренинг орто жана чакан бизнестин ээлерине жана ишкердикти баштоону каалаган, ишкердик жаатында билимге муктаж баштоочулар үчүн арналат!  

Толук маалымат

___________________________________

Ысык-Көл: Урматтуу ишкерлер!

Ишкердикти Колдоо Борборунун (ИКБ) бизнес-консультанты Айзада Тыныбекова сиздерди чакан тренингке чакырат🚀

📈 Тренингде ”Бизнес-план деген эмне? Аны кантип жазабыз?” деген суроолорго жооп аласыз!

🗓Күнү: 18-октябрь 2024
⏰Сааты: 14:00-16:00
📍Дареги: Алыбаков көч. 158, Каракол шаары

Толук маалымат

____________________________________

Сиздерди кезектеги ”Айымдарды окутуу” жолугушуусуна чакырабыз!

Айымдар арасында пайдалуу жана натыйжалуу күн өткөрүңүз!

✅Темалар:
 “Учурдагы сабаттуулук”, Айзада Тыныбекова, “SBS School” борборунун негиздөөчүсү;
 “Ой жүгүртүү дизайны”
педагог Нургүл Шарапова, “Нур-Сабат” борборунун негиздөөчүсү.

Толук маалымат  

___________________________________________

Үч күнгө созула турган “АгроТехЭкспо-2024” агроөнөржай көргөзмөсүнө 20 миңден ашуун дыйкан-фермердин катышуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Айыл чарбада кооперациялоо, механизациялоо жана инновациялык технологиялар департаментинин директору Нурланбек Кожогулов "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, көргөзмө 18-октябрдан 20-октябрга чейин Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта өтөт. “АгроТехЭкспо-2024” иш-чарасында дүйнөнүн алдыңкы айыл чарба техникаларын өндүргөн ишканалардын техникаларынын бардык түрүн жана алдыңкы технологияларын көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Толук маалымат

_________________________________________

Бишкек: Ишкерликти жаңыдан баштагансыңбы же келечектүү стартапың барбы? 🚀

BIF 2024 — сени жаңы деңгээлге чыгаруу мүмкүнчүлүгү!

Сени эмне күтүп турат:
- 👥 Тажрыйбалуу лидерлер жана бизнес чемпиондору менен баарлашуу
- 💡 Ийгиликтүү ишкерлерден кеңештер жана баалуу идеялар
- 🎯 Ийгиликке жеткендерден шыктандыруучу мотивация
- 🤝 Долбооруңду өнүктүрүүгө керектүү баалуу таанышуулар
- 💼 Долбооруңду колдоого даяр инвесторлор менен жолугушуу мүмкүнчүлүгү

Мүмкүнчүлүктү өткөрүп жибербе!

Толук маалымат

____________________________________________ 

Уважаемые предприниматели!

Приглашаем вас на 18-ю Международную выставку «Горное дело, металлургия и металлообработка – MiningMetals Uzbekistan 2024», которая пройдет с 22 по 24 октября в НВК «Узэкспоцентр» в Ташкенте. 

Это важное событие в горнометаллургической отрасли не только Узбекистана, но и всего региона Центральной Азии соберет более 170 экспонентов из 17 стран, среди которых ведущие компании, такие как ME Elecmetal, Geostein и Навоийский Горно-Металлургический Комбинат.

Также состоится 6-й Международный Горно-Металлургический Форум Узбекистана (UIMF), который станет платформой для обсуждения актуальных тем и установления долгосрочных партнерств. Ожидается участие более 450 делегатов из 15 стран.

Посещение выставки и форума даст возможность наладить новые деловые связи, обменяться опытом и узнать о последних трендах и инновациях в горнодобывающей промышленности.

Получить бейдж на выставку можно по ссылке