Илешбековдор үй-бүлөсүнүн кыялы кантип чыныгы ийгиликке айланган тарых
Кубаныч менен Айпери Илешбековдор көп жылдан бери жүрөктөрүндө сактап жүргөн бир кыял бар эле — өздөрүнүн чакан, жылуу, үй-бүлөлүк бизнесин ачуу. Алар үчүн бул жөн гана ишкердик эмес болчу; бул — балдарына калчу мурас, үй-бүлөнүн биримдигин бекемдей турган чоң максат.
Идея пайда болгон күндөн тартып ишке ашканга чейин бир жыл убакыт өттү. Кээде “буюрбай калды окшойт” деген күндөр болду, кээде “эң башкысы — баштоо” деп үмүтү күчөгөн күндөр болду. Бир күнү алар отуруп, бири-бирине карап:
— “Келгиле, баштайлы!” — деп чечим кабыл алышты.
Ошол чечим алардын жашоосунда жаңы баракты ачты.
✅ Кичинекей имарат — чоң үмүт
Имарат издөө узакка созулду. Айрымдары кымбат, айрымдары жараксыз, айрымдары такыр ылайыксыз болчу. Бирок бир күнү алар кичинекей, тар, бирок жылуу энергиясы бар имаратты жолуктурду.
Айпери ал күндү жылмайып эскерет:
“Кичинекей болсо да — биздики! Бул жерден баштайбыз!”
Бут алдыттан чыгып келген бул мүмкүнчүлүк аларга күч-кубат берди.
Баштапкы күндөрдө кафе витринасында пирожный, булочка, таттуулар гана турчу. Алар толгон-токой рецепттерди сынап, жаңы даамдарды жасап, сүйүнүп иштеп башташкан. Бирок Айтматов районунда таттууларга суроо-талап аз экен. Продукциялар 2–3 күнгө чейин витринада калып кетчү. Бул айрыкча жаңы ишкер үчүн оор.
Бирок кардарлардын каалоосу аларга жаңы багыт ачты. Күн сайын угулган суроо:
— “Тамак барбы?”
— “Суши-пицца жасайсыңарбы?” Ушул суроолор бат-баттан кайталанган сайын, Айпери менен Кубаныч ойлоно башташты. Жыйынтыгында, алар батыл чечим кабыл алышты:
менюну толугу менен өзгөртүү жана профессионалдык ашпозчуларды издөө.
Ошентип, май айынан тартып алар суши жана пицца боюнча адистерди издей башташты. Бул чечим алардын бизнесин түбөлүк өзгөрткөн бурулуш болду.
ИКБ менен таанышуу — жаңы дем, жаңы күч
Иштин багытын өзгөртүп, жаңыланган меню менен иштей баштаган маалда алардын жолу ИКБ (Ишкерлерди Колдоо Борбору) менен кезикти. Бул — ийгиликтин башталышы болгон учур. Айпери бул жөнүндө мындай деп эскерет:
“Биз стратегия, маркетинг, СММ деген эмне экенин такыр билчү эмеспиз. Азиза айым менен Нурсултан мырза бизге жол көрсөттү.”
Орозо айындагы сыноо — жаңы мүмкүнчүлүккө айланган учур
Бизнес иштей баштаганда Рамазан айы да келди. Бул да чоң жоопкерчилик жүктөдү.
Ушул учурда Азиза Айтыбекова менен Нурсултан Сулайманов кол сунуп, алар менен биргеликте белек-боксторду даярдашты. Наклейка, дизайн, тартуулоо — баарына жардам беришти.
Бул акция алардын бизнесин таанытууда күчтүү маркетинг куралына айланды.
Айпери мындай дейт:
“Биз СММ деген нерсени жөн эле баракча жүргүзүү деп ойлочубуз. Азиза айым келип баарын түшүндүргөндө гана бул чоң система экенин билдик.”
ИКБ аларга төмөнкү нерселерди үйрөттү:
✅ бизнес стратегия түзүү
✅ маркетинг план даярдоо
✅ акция өткөрүүнүн жолдору
✅ социалдык тармактардагы профессионалдык жүргүзүү
✅ СММ адиси менен эффективдүү иштешүү
Жыйынтыгында, алардын Instagram баракчасы жанданып, кардарлардын саны кескин өстү.
Айпери айымдын айтымында, бул жардам алар үчүн жөн гана консультация эмес, өзүнө болгон ишенимди жандандырган чоң күч болгон.
✅ 5 столдон — чоң залга чейинки өсүү
Кафе башында болгону 5 стол менен иштечү. Бирок кардарлардын агымы күндөн-күнгө көбөйгөн сайын суроолор да өзгөрдү:
— “Эмнеге чоңойтпойсуңар?”
— “Экинчи кабат ачпайсыңарбы?” Бул сөздөр Илешбековдорго күч берип, алардын аракетин эки эсе арттырды. Көп узабай алар кафени кеңейтип, орун санын көбөйтүштү.
Бүгүнкү күндө:
✅ кафе кенен
✅ кардарлар ыраазы
✅ кызмат көрсөткөн деңгээл жогору
✅ продукциялардын баары 100% адал, жаңы жана өздөрү даярдаган.
Алардын расмий халал сертификаттары да бар — бул алардын жоопкерчилигинин дагы бир далили.
✅ 6 айда — 2 000 сомдон 40 000 сом кирешеге чейин
Баштапкы күндөрдө 2000–3000 сом түшсө эле ыраазы болуп калчу. Бүгүнкү күндө орточо сатуу киреше 40 000 сомдун айланасында. Бул — 6 айлык эмгек жана туура багыттын жыйынтыгы. Кичинекей 5 столдон баштап, бүгүнкү күндө аймакта атын чыгарган ийгиликтүү ишканага айланышты. Командасынын баары — адамгерчиликтүү, тартиптүү жана таза иштеген кызматкерлер. Бул — Илешбековдор үчүн чоң сыймык.
✅ Кубаныч менен Айперинин ИКБ тууралуу пикири
“Мен силерди жүрөгүмдөн сунуштайм. Качан чалба — жооп беришет. Кеңешин аянбай беришет. Бизнес баштагандарга, өсө албай жаткандарга ИКБ эң зарыл борбор. Бул жерде чын дилден жардам беришет.”
Жыйынтыкка токтосок, “Айчолпон” — бул жөн гана бренд эмес. Бул — чыдамкайлык, эмгек, үй-бүлөлүк биримдик жана туура тандалган өнөктөштөрдүн тарыхы.
Илешбековдордун мисалы: Баштасаң — сөзсүз өсөсүң. Колдоого муктаж болсоң — ИКБ бар. Туура багыт болсо — ийгилик сөзсүз келет.