Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы “Биринчи мугалим”  башталгыч мектеби ишмердүүлугүн 2003-жылдан бери жүргүзүп келет. 1-5 класстардын окуучуларына кызмат көрсөткөн окуу жай логопеддик курстарды да уюштурат.

Мектептин жетекчиси Мээрим Абдыкадырова 2021-жылы “Ысык-Көл облусунун ишкер айымдарынын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу” долбооруна катышууну чечкен. 

Так ушул долбоор аркылуу ИКБны таанып, ошондон бери бизнес, пиар жана юридикалык кызматтарды алып келет. Программа боюнча үч күндүк окутуудан өтүп, өз бизнес планын ийгиликтүү жактаган Мээрим айым мектеби үчүн гранттык колдоо алды. 

“216 187 сомго алынган жабдыктардын негизинде мекеменин иши жеңилдеп, окуучулардын сабактарга болгон кызыгуулары артты” деп ой бөлүшөт ишкер.

ИКБ консультанттары мектептин ишмердүүлүгүнө саресеп салып, көп тараптуу кеңештерди беришти. Ижара келишими түзүлүп, жергиликтүү кадастр органында катталды. Олуттуу өркүндөө белгиси катары Чолпон-Ата шаарында жаңы филиалы ачылды. “Филиалга лицензия алуу үчүн юрист-консультанттын көмөгү менен керектүү документтер топтомун кыйла жеңил даярдап алдык” дейт ишкер айым. Филиалдын ачылуусу менен кызматкерлердин саны дагы үч кызматкерге артты.

“Биринчи мугалим” мекемеси ашыкча төлөнгөн соцфонд төлөмдөрүн кайтарып ала алды. Ошондой эле бизнести автоматташтыруу боюнча кеңештерди алып, керектүү шилтемелерди колдонуу аркылуу бизнесин эффективдүү алпарууну өздөштүрдү. 

Максаттуу жарнама концепциясы түзүлүп, мекеменин логотиби өзгөртүлүп, инстаграм баракчалары кыйла жакшырды. Учурда “Биринчи мугалим” Чолпон-Ата шаарында жеке башталгыч мектептер катарында эң алдыңкы мекеме болуп таанылды.