Ош облусунун жана шаарынын ишкерлери үчүн, бүгүн 3-октябрда Мамлекеттик жеке-өнөктөштүк (МЖӨ) @ppp.gov.kg боюнча тегерек стол уюштурулуп, ага аймактагы МЖӨ менен иштешүүгө кызыктар ишкерлер, жергиликтүүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Ишкердикти Колдоо Борборунун (ИКБ) демилгеси менен ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин @oscebishkek каржылык колдоосунда уюштурулган иш-чаранын негизги максаты ишкерлерге МЖӨ (ГЧП) боюнча жалпы маалымат берүү, МЖӨнү ишке ашырууда пайда болгон көйгөйлөрдү жана бул багытта потенциалдуу долбоорлорду аныктоо.

Тегерек-столдун жүрүшүндө: МЖӨ боюнча жалпы маалымат берилип, аймактарда аткарылып жаткан ири долбоорлор айтылып, ишке ашырууда пайда болуп жаткан көйгөйлөр талкууланды. 

________


📊Ишкердикти Колдоо Борбору (ИКБ) Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык колдоосу @oscebishkek менен JIA Бизнес-ассоциациясы @jia.kg тарабынан өлкөдө чакан жана орто бизнести өнүктүрүү аркылуу экономикага салым кошуу максатында Баткен, Ош, Талас, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында ишке ашырылууда.


ИКБ – сиздин бизнесиңиздин өнүгүүсү үчүн!