Ош облусунун жана шаарынын ишкерлери үчүн, бүгүн 3-октябрда Мамлекеттик жеке-өнөктөштүк (МЖӨ) боюнча тегерек стол уюштурулуп, ага аймактагы МЖӨ менен иштешүүгө кызыктар ишкерлер, жергиликтүүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Ишкердикти Колдоо Борборунун (ИКБ) демилгеси менен ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин каржылык колдоосунда уюштурулган иш-чаранын негизги максаты ишкерлерге МЖӨ (ГЧП) боюнча жалпы маалымат берүү, МЖӨнү ишке ашырууда пайда болгон көйгөйлөрдү жана бул багытта потенциалдуу долбоорлорду аныктоо.

Тегерек-столдун жүрүшүндө: МЖӨ боюнча жалпы маалымат берилип, аймактарда аткарылып жаткан ири долбоорлор айтылып, ишке ашырууда пайда болуп жаткан көйгөйлөр талкууланды. 

________


📊Ишкердикти Колдоо Борбору (ИКБ) Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык колдоосу @oscebishkek менен JIA Бизнес-ассоциациясы @jia.kg тарабынан өлкөдө чакан жана орто бизнести өнүктүрүү аркылуу экономикага салым кошуу максатында Баткен, Ош, Талас, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында ишке ашырылууда.


ИКБ – сиздин бизнесиңиздин өнүгүүсү үчүн!