“16-20-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында ИКБнын PR-консультанттарынын тажрыйма алмашуу программасы болуп өттү. Биз команда менен буга чейин аралыктан байланышкан ММК өкүлдөрү менен биринчи жолу жолуктук, эки тараптуу кызматташуунун жолдорун сүйлөштүк. Ал эми өнөктөштөрдүн коомчулук менен байланыш бөлүмдөрү менен жолугушуу, коммуникация тармагындагы тренинг бул тармакты талкуулоого, пикир алмашууга жакшы мүмкүнчүлүк түздү.”Перизат Мамарайым кызы, PR-консультант.
Программада Азаттык үналгысы, Экономист KG, Ала -Тоо 24 телеканалынын өкүлдөрү менен жолугушуу уюштурулду.

ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин Улуттук басма сөз жана коомдук маалымат кызматкери Чыңгыз Жаныбеков, “Kaynar group” компаниясынын маркетинг бөлүмүнүн жетекчиси Мээрим Дюшеева, JIA Бизнес-ассоциациясынын PR-менеджери Жылдыз Кадырова менен жолугушуулар уюштурулду.

Ошондой эле, Коммуникациялык стратегия боюнча Бегимай Алтыбаеванын тренинги менен жыйынтыкталды.

Ишкердикти Колдоо Борбору (ИКБ) Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык колдоосу менен JIA Бизнес-ассоциациясы тарабынан өлкөдө чакан жана орто бизнести өнүктүрүү аркылуу экономикага салым кошуу максатында Баткен, Ош, Талас, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында ишке ашырылууда.

ИКБ – сиздин бизнесиңиздин өнүгүүсү үчүн!