25-26-июнь күндөрү Ишкердикти Колдоо Борборунун (ИКБ) консультанттары үчүн 2024-жылга карата ретрит уюштурулду. 

Консультанттардын квалификациясын жогорулатууга, ИКБнын туруктуулугуна багытталган эки күндүк окутууда төмөнкү багыттар камтылды: 

✅Сатууда жана кардарлар менен байланышта кандай көйгөйлөр пайда болот?

✅Уникалдуу соода сунушу

✅Атаандаштык артыкчылыктарын өнүктүрүү

✅Маркетингдик стратегия жана план

✅Жеке бренд 

✅ИКБнын PR-стратнегиясы жана стандарттар 


Эки күндүн тренери Бизнести өнүктүрүү, маалыматтарды талдоо, маркетинг, сатуу жана PR боюнча эл аралык консультант Гульнура Торолиев.


Эки күндүк ретритке ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлдөрү, ИКБнын региондордогу жооптуу координаторлору, бизнес, финансы, юрист жана пиар-консультанттары катышты.

Ишкердикти Колдоо Борбору (ИКБ) Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык колдоосу менен JIA  Бизнес-ассоциациясы тарабынан өлкөдө чакан жана орто бизнести өнүктүрүү аркылуу экономикага салым кошуу максатында Баткен, Ош, Талас, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында ишке ашырылууда.

ИКБ – сиздин бизнесиңиздин өнүгүүсү үчүн!