«Create4 Caravan Osh» - бул Ош шаарынын жаратмандары менен инноваторлорунун пикир, маалымат алмашуу, шыктануу жана келечекке карай жалпы максаттарды иштеп чыгууга арналган ири иш-чарасы. 

Ага  жаштар, жаратмандар, бизнестин өкүлдөрү,  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары,чыгармачылык экономиканын изилдөөчүлөрү, жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Ишкердикти колдоо борбору жана башка оноктоштор тарабынан уюштурулуп, ЕККУнун Бишкектеги кеңсеси тарабынан колдоого алынган чоң масштабтуу фестиваль аймактагы креативдүү экономиканын өнүгүүсүнө мыкты таасирин берээрин адистер белгилешти. 

Ишкердикти Колдоо Борбору (ИКБ) JIA Бизнес-ассоциациясынын  демилгеси жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык колдоосу менен өлкөдө чакан жана орто бизнести өнүктүрүү аркылуу экономикага салым кошуу максатында Баткен, Ош, Талас, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында ишмердүүлүк жүргүзүүдө.