25-ноябрь күнү Талас шаарында ишкерлерди ар тараптуу колдогон Ишкердикти колдоо борбору ачылды. Аталган борбор Бизнес ассоциация JIA демилгеси жана ЕККУнун Бишкек шаарындагы программалык кеңсесинин колдоосу менен түзүлгөн. Учурда борбордо  юрист жана бизнес-консультант ишкерлерге ар тараптуу кызмат көрсөтө баштады. Консультанттар атайын тандоо менен алынган жана буга чейин өз тармагында мыкты жетишкендикти көрсөткөн адистер. 

 Ишкердикти колдоо борборлору буга чейин Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарында ишмердүүлүк жүргүзүп келген. Борбордун негизги максаты өлкөдө чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, ишкерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтүү, бизнес сабаттуулукту жогорулатуу аркылуу өлкө экономикасын чындоо, жумушсуздук көйгөйүн жана жакырчылыкты жоюу болуп саналат.