Бишкек шаарында 19-февралда Кыргыз Республикасынын чакан жана орто ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү боюнча 2030-жылга чейинки Программанын долбоорун талкуулоого арналган стратегиялык сессия болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү, эксперттер жана ПРООН, ЕККУ, Евразия өнүктүрүү банкы сыяктуу эл аралык өнөктөштөр, ошондой эле өлкөнүн бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү катышты.

МСП–2030 Программасынын негизги максаты — ишкердикти колдоодо бир жолку, үзгүлтүктүү чаралардан баш тартып, өлкө боюнча бирдиктүү, ачык-айкын жана өлчөнүүчү колдоо тутумун түзүү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, чакан жана орто ишкердик субъекттерин колдоо институттарынын Консорциуму түзүлүп, ал мамлекеттин, каржы уюмдарынын жана эл аралык өнөктөштөрдүн аракеттерин шайкеш келтирүүгө багытталган.

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков мамлекет ишкердикти колдоону ырааттуу күчөтүп жатканын белгиледи. «Биз ачык түшүнөбүз: күчтүү чакан жана орто бизнес болмоюнча узак мөөнөттүү өсүштү жана жарандардын бакубаттуулугун камсыз кылуу мүмкүн эмес. Биздин максат жөнөкөй — идеясы жана иштөөгө умтулуусу бар ар бир адам, жашына, жашаган аймагына же баштапкы мүмкүнчүлүктөрүнө карабастан, бизнес баштап, аны өнүктүрө алышы керек», — деди министр өз сөзүндө.

Бишкектеги жыйынтыктоочу талкууга чейин Экономика жана коммерция министрлигинин эксперттери жана эл аралык өнөктөштөр Баткен, Ош, Талас, Нарын жана Каракол шаарларында бизнес-коомчулук менен көчмө жолугушууларды өткөрүшкөн. Регионалдык диалогдордун жүрүшүндө жергиликтүү ишкерлердин көйгөйлөрү талкууланып, сунуштары кабыл алынып, алар МСП–2030 Программасынын долбоорунун негизин түзгөн.

Евразия өнүктүрүү банкынын Башкармалыгынын төрагасынын орун басары Ярослав Мандрон: «Кыргызстанда чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө көмөктөшүү Евразия өнүктүрүү банкынын көңүл борборунда. Эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте биз МСП үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон 2030-жылга чейинки өнүгүү Программасын иштеп чыгууга колдоо көрсөтүп жатабыз. Анын ишке ашырылышы чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнүн системалуу архитектурасына өтүүгө жана өлкөнүн ишкердик чөйрөсүн чыңдоого шарт түзөт деп ишенем», — деп билдирди.

ЕККУнун Бишкектеги Программалык офисинин жетекчиси, элчи д-р Фолькер Фробарт мындай деп белгиледи: «Биргелешкен аракеттер аркылуу гана туруктуу, атаандаштыкка жөндөмдүү жана инклюзивдүү экономикалык өсүштү камсыз кыла алган МСПни колдоонун натыйжалуу системасын түзүүгө болот. Бул контекстте ишкердикти колдоо борборлору маанилүү роль ойнойт, анткени алар административдик жана маалыматтык тоскоолдуктарды азайтып, бизнестин туруктуулугун жогорулатууга көмөктөшөт».

Кыргыз Республикасындагы ПРООНдун Туруктуу өкүлү Александра Соловьева: «Кыргызстанда чакан жана орто ишкердиктин заманбап жана туруктуу экосистемасын түзүүгө салым кошуп жатканыбызга кубанычтабыз», — деп баса белгиледи. «ПРООН үчүн бул багыт экономикалык реформаларды колдоо, ишкердикти өнүктүрүү, мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү, “жашыл” практикаларды жайылтуу, региондорду чыңдоо жана аялдар менен жаштардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча көп жылдык иштин логикалык уландысы болуп саналат».

Ошондой эле талкуунун жүрүшүндө бизнес өкүлдөрү колдоонун конкреттүү механизмдерин талкуулаган алты багыт боюнча тармактык жумушчу топтордун ишине катышышты:

● Каржылык инструменттер: жеңилдетилген кредиттөөнү өнүктүрүү, кепилдик механизмдери жана инвестицияларды тартуу.
● Региондорду өнүктүрүү жана экспорт: регионалдык демилгелерди колдоо, аймактарды адистештирүү, айыл чарба жана кайра иштетүү тармагында кошумча нарк түзүү, кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн тышкы рынокторго чыгышына көмөк көрсөтүү.
● Санариптик трансформация: бизнеске мамлекеттик кызматтарга жана онлайн-консультацияларга жетүүнү жеңилдетүү үчүн «МСП Хаб» платформасын киргизүү.
● Укуктук коргоо: административдик тоскоолдуктарды азайтуу, жөнгө салууну жөнөкөйлөтүү жана жеке менчиктин кол тийбестигине кепилдик берүү.
● Инновациялар жана креативдүү экономика: аялдардын ишкердигин, жаштар стартаптарын жана креативдүү экономиканы колдоо.