Программанын максаты:

Бул программа Ош областында ишкерликти баштоону же иштеп жаткан бизнесин

өнүктүрүүнү каалаган айымдарга каржылык эмес (техникалык), колдоо көрсөтүү аркылуу

алардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө көмөктөшүүнү көздөйт.


Программага кимдер катыша алышат:

Гранттык колдоого төмөнкү талаптарга жооп берген ишкер айымдар катыша алат:

✅ Үч күндүк тренингге катышууга даярдык – ишкердикти өнүктүрүү, бизнес-план түзүү жана стартаптарды өнүктүрүү боюнча окутууга катышуу мүмкүнчүгү болушу керек;

✅ Креативдүү же инновациялык бизнес-идеясынын болушу;

✅ Баштапкы же иштеп жаткан туруктуу (чакан же орто) бизнесинин болушу;

✅ Каржылык эмес гранттык колдоого муктаждык (өндүрүштү баштоо же кеңейтүү, кошумча жабдууларды сатып алуу ж.б.).

Артыкчылыкка ээ тармактар:

✔ Билим берүү жана IT – билим берүү кызматтары, санариптик окутуу, программалык камсыздоо иштеп чыгуу,

 IT-чечимдерди ишке ашыруу жана билим берүү процессине технологияларды киргизүү.

✔ Маалыматтык бизнес (медиа жана маалымат каражаттары).

✔ Медицина жана ден соолук.

✔ Туризм жана мейманкана бизнеси.

✔ Тамак-аш кызматы (кафе, ресторан, наабайканалар) – тамак-аш өндүрүшү жана тейлөө,

уникалдуу кафе жана ресторан концепцияларын иштеп чыгуу, нан жана кондитердик азыктарды өндүрүү.

✔ Тигүү жана текстиль өнөр жайы – кийим тигүү, текстиль өндүрүү, буйрутма менен тигүү, кийим оңдоо жана мода коллекцияларын иштеп чыгуу.

✔ Кол өнөрчүлүк – сувенирлер, зер буюмдар, эмерек, кооздук буюмдар жана башка уникалдуу буюмдарды салттуу же заманбап ыкмалар менен кол менен жасоо.

Тандоо маалында артыкчылык берилет:

✔ Оор кырдаалда жашаган аялдарга – экономикалык жактан кыйынчылык тарткан, ден

соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген (ОВЗ) же өзгөчө муктаждыктары бар жакындарына кам көргөн аялдар.

✔ Социалдык багытта бизнес жүргүзгөн аялдарга – жаңы жумуш орундарын түзүү,

аймактын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу жана коомдук маанилүү маселелерди чечүүгө салым кошкон ишкерлер.

✔ Креативдүү бизнес-идеялары бар аялдарга – чыгармачыл индустрияны өнүктүрүүгө,

инновацияларды киргизүүгө жана уникалдуу продукциялар же кызматтарды түзүүгө багытталган долбоорлор.

✔ Айыл жеринде жашаган аялдарга – алыстагы, аз калктуу аймактарда жашап, ресурстарга жана мүмкүнчүлүктөргө жетүүгө чектелген ишкерлер.

✔ Баланын жалгыз бой энелерине жана көп балалуу энелерге – ишкердик аркылуу өзүнүн

жана балдарынын материалдык абалын жакшыртууну каалаган аялдар.

✔ Экологиялык же туруктуу долбоорлорду ишке ашырган аялдарга – айлана-чөйрөнү

коргоого, туруктуу өнүгүүгө жана калдыктарды азайтууга багытталган ишкерлер.

✔ Жаш ишкер аялдарга (18-35 жаш) – өзүнүн алгачкы бизнесин жана кесиптик жолун баштоону каалаган жаш ишкерлер.

Программага тандалып алынган катышуучулар төмөнкү мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат:

✔ Ишкердикти жүргүзүү боюнча тренингдерден өтүү – укуктук сабаттуулук, бизнес-план

түзүү, каржыны башкаруу, маркетинг жана продукцияны/кызматтарды илгерилетүү боюнча окутуу.

✔ Сапаттуу бизнес-пландарды/долбоорлорду түзүү – реалдуу максаттарды коюп, бизнес- идеяларын натыйжалуу презентациялоону үйрөнүү.

✔ Консультациялык жана колдоо кызматтарын алуу – ИКБ консультанттары долбоордун

бүтүндөй аткаруу мөөнөтүндө (2 жылга чейин) мониторинг жүргүзүп, катышуучуларды коштоп жүрүшөт.

✔ Гранттык жабдууларды алуу – тренингдин аягында бизнес-планын ийгиликтүү коргогон катышуучулар бизнес ачуу, жүргүзүү же кеңейтүү үчүн керектүү жабдууларды алышат.

Гранттык жабдууларды берүү тартиби:

Гранттык жабдуулар ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси тарабынан сатып алынып, катышуучуларга берилет.

Жабдууларды берүү программанын сатып алуу процедуралары аяктаган учурда ишке ашырылат.

Гранттын жогорку суммасы 200 000 сомду түзөт.

Жабдууларга коюлуучу талаптар:

1. Бир катышуучу эки гана түрдөгү жабдууну ала алат.

2. Кызмат көрсөтүүгө эмес, өндүрүш ишканалары үчүн стандарттуу жабдуулар каралат.

3. Жабдуулар Кыргыз Республикасында эркин сатылып турган болушу керек.

4. Колдонулган (БУ) же тийиштүү сертификаты жок өз алдынча жасалган жабдуулар каралбайт.

Көңүл бургула!

Арызда берилген маалымат так, тастыкталган жана ишенимдүү болушу керек.

Өтүнмө толук жана туура толтурулушу керек. Толук эмес же туура эмес толтурулган арыздар каралбайт.

Долбоорлор үчүнчү жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузууга багытталбашы керек.


Арыздарды кабыл алуунун тартиби жана Программага катышуунун шарттары:

 Программага катышуу үчүн сиз толтурулган арызды  https://forms.gle/x8qVKbFWR5vADhGaA

   кечиктирбестен 2025-жылдын 18-марты, саат 18:00гө чейин тапшырышыңыз керек

 Программага катышуу толугу менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси тарабынан каржыланат