Ошол убакыт аралыгында онлайн, оффлайн окууларга катышып жүрдүм. Жеткиликтүү билим алгандан кийин тигүү цехин ачып, биротоло мектептен өз арызым менен чыктым.

Тигүү цехин ачып, айылдагыларга кыскартуу жана оңдоп-түзөө кызматтарын көрсөтө баштадым.  Алгач үч тигүү машинасын сатып алып иштедим. Бирок мунун өзү жетишсиз болчу. Андан кийин тайэжемдин кеңеши менен ЕККУнун гранттык программага катышуу үчүн проект жаздым. Программанын алкагында, Жалал-Абадга келип, эң жогорку деңгээлде өткөн үч күндүк окууга катыштым. Натыйжада, ЕККУ колдоого алынып,  дагы алты машинка сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум. Ишкердикти Колдоо Борбору ушул күнгө чейин документ иштерине жана башка суроолорума жардам берип келе жатышат. Консультант Айжамал Талантбековадан ушул күнгө чейин  салыктарыбызды төлөөдө,отчетторубузду тапшырганда акысыз консультация алып келебиз.

Бүгүнкү күндө жакшы команда топтоп, 9 айымды жумуш менен камсыз кылдым, жаңы пландарды ишке ашыруу менен алекмин. Жакында «Мурас» соода базарынан өз дүкөнүмдү ачтым. Жоолуктарды өзүбүз тигип, сата баштадык жана тойлорго ар кандай декоративдүү себеттерди жасап келебиз.

Мен Чаткал районунун Кызыл-Токой деген айылында турамын. Үй-бүлөлүү, 4 баланын энесимин. Учурда жеке ишкермин, мамлекетке салык төлөө менен салымымды кошуп жатам. Өзүмдүн каттоодон өткөн ишмердүүлүк күбөлүгүм бар, ал аркылуу бардык иштеримди мыйзам чегинде жүргүзөм. Жолдошум ар тараптан колдоо көрсөтүп келет, бул мен үчүн чоң дем.

Ишти баштоо оңой эмес, бирок ар бир кыйынчылыкка өжөрлүк жана аракет менен жооп бериш керек. Биринчи кезекте план, максат, аракет кылуу керек. Биринчи жылы окшошпосо кийинки жылы окшошот. Жан дүйнөңө жакын, өзүң кызыгып, жакшы көргөн жумуш менен алек болсоң, сөзсүз ийгилик болот.