Талас облусунун жаштары Mini MBA курсун аяктады.

Өткөн жума Талас мамлекеттик университетинин 12 студенти Mini MBA курсун ийгиликтүү аяктап, сертификат алышты. Окутуу Ишкердикти колдоо борборунун (ИКБ) консультанттары тарабынан уюштурулуп, бизнестин эң маанилүү 4 тармагы боюнча КРнын 4 багыттагы мыкты эксперттеринин сабактарынын мисалында жергиликтүү ишкердикти глобалдык жактан талдоо жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында 12 катышуучу билимин тастыктаган тестти ийгиликтүү тапшырып, сертификатка ээ болду.

Тренерлер: Ишкердикти колдоо борборунун (ИКБ) консультанттары.


Ишкердикти Колдоо Борбору (ИКБ) Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги Программалык кеңсесинин каржылык колдоосу менен JIA Бизнес-ассоциациясы тарабынан өлкөдө чакан жана орто бизнести өнүктүрүү аркылуу экономикага салым кошуу максатында Баткен, Ош, Талас, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында ишке ашырылууда.

ИКБ – сиздин бизнесиңиздин өнүгүүсү үчүн!