2-октябрда Жалал-Абад облусунун ишкерлери жана мамлекеттик жана муниципиалдык органдардын өкүлдөрү үчүн Мамлекеттик жеке-өнөктөштүк (МЖӨ)  боюнча маалыматтык сессия жана тегерек стол болуп өттү.

🤝Иш-чара Ишкердикти Колдоо Борборунун (ИКБ) демилгеси менен ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин  каржылык колдоосунда ишкерлерге МЖӨ (ГЧП) боюнча жалпы маалымат берүү, МЖӨнү ишке ашырууда пайда болгон көйгөйлөрдү жана бул багытта потенциалдуу долбоорлорду аныктоо максатында өттү.

Анда МЖӨ борборунун улук эксперти Эрденет Касымов ишкерлерге төмөнкү багыттарда маалыматтар менен бөлүштү:

✅МЖӨ боюнча жалпы маалымат;
✅МЖӨ боюнча региондордогу ишке ашырылган долбоорлор боюнча презентация;
✅МЖӨнү ишке ашырууда пайда болуп жаткан көйгөйлөр тууралуу дискуссия;
✅Жана көйгөйлөрдү чечүү, МЖӨнү алдыга жылдыруу боюнча сунуштар, суроо-жооп менен коштолду.